Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

Россия президенти В. Путин АКШ президенти Ж. Буштун Иранга өзөктүк станцияны курууга жардамдашпоо өтүнүчүн жоопсуз калтырды


Россия президенти Владимир Путин Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш менен Вашингтондун четиндеги Кэмп-Девид резиденциясында болгон эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин Москвага учуп келди.
Эки лидер кечээ күнrү кездешүүнүн соңунда Иран менен Түндүк Кореяны өзөктүк куралдарды өнүктүрүүнүн шектүү программасын токтотууга чакырды.
Путин Иранды Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭ менен кызматташууга чакырды. Ал, лекин, Иранга атомдук станция курууга жардамдашпоо тууралуу Вашингтондун өтүнүчүн жоопсуз калтырды. Путиндин айтымында:

- Азыр Ирандын кадыр-баркына шек келтирбей туруп, ага МАГАТЭ менен кызматташууну улантуунун жана кеңейтүүнүн зарылдыгын ачыктан ачык билдирүү өтө маанилүү деп эсептейбиз.

Кэмп-Девиддеги кездешүүдө Чеченстандагы кырдаал да талкууланды. Буштун сөзүнө караганда, Россия жана АКШ терроризм эмне экенин өз тажрыйбаларынан жакшы билишет:

- Россия жана Кошмо Штаттар терроризмге каршы согушта бирге аракеттенүүдө. Эки улут тең террорчулуктан жабыркады жана эки өлкөнүн бийликтери террорчулукту токтотуу үчүн чара көрүүдө.Террорду актап болбойт. Террорчулар канабайрамды жайылткан жерлерде, ошондой эле Чеченстанда токтотулуш керек.

Эки лидер Ирак согушунан чыккан келишпестикке карабай, өлкөдө демократияны курууга жардам кыларууниетин билдиришти.
Путиндин сөзүнө караганда, Россия жана Кошмо Штаттар “Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуунун “Жол картасына” альтернатива жок деген ишенимде”.

XS
SM
MD
LG