Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

ТҮРКМӨН ОППОЗИЦИЯСЫ ЫНТЫМАККА КЕЛҮҮНҮ ЧЕЧТИ


Жекшембиде Прага шаарында түркмөнстандык оппозициячыл күчтөрдүн эки күндүк жыйыны соңуна чыкты. Анын уюштуруучулары жана катышуучулары дүйшөмбүдө “Азаттыктын” Прагадагы баш ордосуна келип, жыйындын натыйжасы жана Түркмөнстандагы режимди алмаштыруу зарылчылыгы жөнүндө айтып беришти.

Түркмөн оппозициялык күчтөрү буга чейин чаржайыт иш-аракет жүргүзүп келгени маалым. Прага шаарында сентябрдын 27-28деринде болуп өткөн эки күндүк жыйындын башкы мүдөөсү – бир колдон жең чыгарып, бир жакадан баш чыгаруу эле. Жыйын Түркмөнстанда Ниязовдук режимди ойрон кылып, ордуна парламенттик жумурият тибиндеги демократиялык коомду куруу үчүн чогуу-чаран иш алып баруу жолдорун талкуулады. Мындай жыйынды Ашгабаттын өзүндө уюштуруу – ушул тапта түшкө да кирбеген нерсе.

Прага жыйыны орток билдирүү жана коммюнике кабыл алуу менен аяктады. Анда Түркмөнстандагы демократиялык күчтөрдүн биримдиги деген уюмду түзүү зарылчылыгы айтылат жана бул биримдиктин уюштуруу жыйынын жакынкы эки айдын ичинде өткөрүү үчүн жумушчу тобу түзүлөөрү белгиленет. Албетте, бир караганда, бул натыйжа аз сыяктанышы мүмкүн. Бирок, анын уюштуруучуларынын айтымында, эң негизгиси – көч жылды.

Бирдиктүү түркмөн оппозициясы уюмунун жетекчиси Авды Кулиев мындай дейт:

- Биз күрөшүбүздүн алдыдагы баскычында биринчи орунга үч принципти – демократия, сөз эркиндиги жана адам укуктарын коюу тууралуу макулдаштык.

Кулиевдин айтымында, башкы принциптер боюнча эч кандай пикир келишпестик болгон жок.

Опозициянын орток пикирине арзыган дагы бир маселе – Сапармурат Ниязовдун режиминин сырткаркы дүйнө менен реформа багытында баарлашууга кош көңүлдүгү. Бул тууралуу Түркмөнстан Элдик Демократиялык Кыймылынын өкүлү Нурмухаммед Ханамов мындай дейт:

- Түркмөн оппозициясы тарабынан да, эл аралык уюмдар тарабынан да Ниязов менен баарлашууга эч мүмкүн эмес.

Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун расмий Ашгабатты реформаларга барууга көндүрүү жаатында буга чейинки аракеттери бүт текке кеткен, - деп кошумчалайт Ханамов мырза.

Бул пикирди “Мемориал” укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча иш алып баруучусу Виталий Пономарев да тастыктайт:

- Бийликтин бардык бутактарын жеке өзү көзөмөлгө алып турган Ниязов эл аралык коомчулук менен баарлашууга кымындай да ниетин көрсөткөн жок.

Түркмөн оппозициясынын көпчүлүк лидерлери – буга чейин Ниязовдун режимине түздөн-түз кызмат кылган кишилер. Маселен, Авды Кулиев мурда тышкы иштер министри болуп иштеген. Назар Сүйүнов болсо – вице-премьер жана мунай, газ министри болгон. Нурмухаммад Ханамов болсо - өлкөнүн Түркиядагы жана Израилдеги элчиси кызматын аркалаган. Ар кайсы жылдары жана ар кандай шартта бул кишилер түркмөн оппозициясына кошулушту.

“Эркин Европа-Азаттык” үналгысынын президенти Том Дайн дүйшөмбүдө “Азаттыктын” Прагадагы кеңсесинде өткөрүлгөн басма сөз жыйынында белгилегендей, эң башкысы – бул ысымы аталган жана башка бир катар коомдук ишмерлер Ниязовдун режими кулаганда эмес, күчүндө болуп турган чакта, ага каршы күрөш жүргүзгөн демократиялык күчтөр тарабына өтүштү. Чынында да, режим жыгылган соң, эч нерсе жасабай туруп өзүн авторитардык түзүлүшкө каршы тымызын күрөшкөн “баатыр” көрсөткүсү келгендер четтен табылат деңизчи.

Түркмөн саясий турмушунун реалдуулугун дурус түшүнгөн бул лидерлер эл аралык коомчулуктун жардамына өзгөчө үмүткөр. Маселен, алар Ниязовдун режимин бөлүндүдө калтыруу үчүн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан расмий Ашгабатка берилген “бейтараптык” макамын жокко чыгаруу, режимге карата саясий жана экономикалык чектөөлөр киргизүү сыяктуу чаралар алгылыктуу дешет. Учурдагы чаралардын бири – мурдагы тышкы иштер министрлери, ушул тапта саясий айып менен абакта жаткан Борис Шихмурадов менен Батыр Бердыевдин ал-акыбалын Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай уюму сыяктуу эл аралык кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрүнүн жеринен үйрөнүүсүнө жетишүү. Саясий камактагылардын абактагы акыбалы менен таанышуу аракети да оңой-олтоң маселе эмес.

Прага жыйынын уюштурууга кол кабыш кылган Адам укуктары боюнча Эл аралык лига жана “Мемориал” уюмдарынын өкүлдөрү Питер Залмаев менен Виталий Пономаревдун өрнөгү эл аралык коомчулукта түркмөн оппозициясына сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө көмөк көрсөтүүгө даяр коомдук уюмдар жана ишмерлер да бар экенин айгинелейт.

Деги, бул күрөштөн жакынкы болочокто майнап чыгабы?

“Ватан” (“Атамекен”) оппозициялык кыймылынын өкүлү Александр Додонов өтө эле оптимист:

- 2004-жылдын 29-сентябрында түркмөн оппозициясы оппозиция бойдон кала бербестен, Түркмөнстандын өзүндө демократиячыл жараянды жетектейт ко деп үмүттөнөм.

Албетте, бул үмүттү бозгунчулуктагы түркмөн оппозициясы эл аралык коомчулуктун кубаттуу жардамы менен тыгыз байланыштырууда. Ал эми аларга мындай көмөк көрсөтүүгө дүйнөлүк коомчулук канчалык деңгээлде даяр болду экен?

XS
SM
MD
LG