Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Косовонун саясий статусу талкууланбайт


Бириккен Улуттар Уюмунун Косоводогу миссиясынын башчысы Харри Холкеринин дүйшөмбүдөгү билдирүүсүнө караганда, Белград менен Косоводогу албан лидерлеринин сүйлөшүүсүндө Косовонун статусун аныктоо маселеси козголбойт. Холкердин айтымында, келерки айда Вена шаарында боло турган сүйлөшүүдө унаа, энергетика багытында жана жоголгон адамдар, качкындарды үйлөрүнө кайтаруу маселелери талкууланат. Косовонун калкынын көпчүлүгүн түзгөн албандар Сербиядан толук эгемендүү болууну каалашууда, бирок Белград аны кескин четке кагууда.

XS
SM
MD
LG