Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташууга даярдыгын билдирүүдө


Иран БУУнун Атомдук энергия боюнча агенттиги менен кызматташуусун улантууга даяр, деп билдирди Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази. Бириккен Улуттар Уюмунда орус тышкы иштер министри Игорь Иванов менен кечээ күнкү сүйлөшүүдөн кийин Харрази мындай деди:
- Биз ар дайым белгилеп келатабыз, Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу программасы жок. Биздин өзөктүк энергияга ээ болуу аракеттерибиз мыйзамдуу жана биз өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин алкагында иш жүргүзөбүз.
Анын айтымында, БУУнун агенттиги тарабынан капысынан текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү кошумча протоколго кол коюунун кажети да жок. Бирок агенттик ага кол коюуну жана 31-октябрга чейин өзөктүк программасы тууралуу толук маалымат берүүнү Тегерандан талап кылууда.

XS
SM
MD
LG