"БУУ менен макулдашпай туруп, Иракка каршы согуш ачуу менен Америка дүйнөлүк тартипке чагым салды", - деп билдирди Беларустун тышкы иштер министри Сергей Мартынов. Шаршембиде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн беларустук башкы дипломат Ирак боюнча жаңы резолюцияда БУУга борбордук роль ыйгарылышы керек деп белгиледи.