Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

АКШлык инспекция тобунун башчысы Иракта кеңири кыруучу курал табыла электигин билдирди


Иракта массалык кыргын салуучу курал издеп жаткан АКШлык инспекторлор тобунун башчысы азырынча Саддамдын андай куралы колго тийбегенин, бирок адистер издөө иштерин аяктай электигин билдирди. Ошентсе да, АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын өкүлү Девид Кай колдо бар таныктар Саддамдын биологиялык жана химиялык курал жасоо ниети болгонун тастыктаарын маалымдады. "Биз издеп жаткан куралдын түрлөрүн тапкан жокпуз. Бирок, Саддамдын андай куралы болгон эмес деп айтуудан алыспыз, болгону – Ирактай чоң өлкөдө азырынча биз иликтеген аймактардан опурталдуу курал табыла элек", - деди Кай. Бул тууралуу ал бейшембиде АКШнын Конгрессинде жабык эшик артында өткөн жыйында айтты.

XS
SM
MD
LG