Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:20

ПАРИЖ КЛУБУНА АРТЫЛГАН ҮМҮТ ЖАНА ЖАРЫБАГАН АЙЛЫК АЛГАН МУГАЛИМДЕР


Чолпон Орозобекова, Бишкек 3-октябрда Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана экономикалык саясат комитети өкмөт мүчөлөрүн чакырып, жыйын өткөрдү. Анда 2004-жылдын бюджети кенен талкууга алынып, палатанын 6-октябрда баштала турган сессиясына жөнөтүлдү. Бул жыйынга премьер-министр Николай Танаев жана министрлер катышты.

Депутаттардын айтымында, келерки жылкы мамлекеттик бюджет мурдагы жылдагыларга караганда чындыкка жакын болгонсуду. Бюджет боюнча комитетти башкарган депутат Жеңишбек Эшенкуловдун айтымында, өкмөт парламентке биринчи жолу жокту жок деп, тартыштыгы так жазылган, турмушка жакын бюджетти алып келип атыптыр. Мындайча айтканда, өкмөт бюджеттин “жыртыгын” мурдагыдай жаап-жашырбай, ачык көргөзүп келиптир. Муну финансы министри Болот Абилдаев да айтып өттү. Анын сөзүнө караганда, бюджетти оңдоо жана ачык-айкын кармоо Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) койгон талаптарынын бири экен. Учурда кыргыз өкмөтү Эл аралык Валюта Фондунун тышкы карыздарды жоюуга багытталган үч жылдык программасын аткарууга жан үрөп аткан кези. ЭВФ койгон талаптар турмушка ашса, Кыргызстандын 497 млн. долларлык карызы Париж клубу аркылуу жоюлат. Финансы министри Болот Абилдаевдин билдирүүсүнө караганда:

- Эл аралык Валюта Фонду менен кол коюлган меморандумдун шарттарын аткарып атабыз. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр меморандумда айтылган көрсөткүчкө жетип калды. Бюджет боюнча айтылган бардык талаптар аткарылып келатат. Дагы бир жакшылап иштесек, тышкы карыз жоюлганы турат.

Премьер-министр Николай Танаев да “Париж клубу 457 млн. долларды жоюп берсе “өх” дейт элек” деди. 2004-жылы бюджеттен 3 млрд. сомдон ашык тышкы карызды төлөө жагы каралган. Депутат Шамшыбек Медетбековдун пикиринде, тышкы карыздан мурун ички карыздар коркунучтуу болуп турат:

- Тышкы карыздардын үстөк пайызына эле 1 млрд. сомдон ашык төлөйт экенбиз. Бирок азыр экономика үчүн ички карыздар коркунуч туудуруп атат. Алардын өлчөмү ушу тапта 8 млрд. сомго жетти.

Бюджетти Эл өкүлдөр жыйынынын ушул комитети түптөйт. Жыйында “биздикин көбөйтүп кой” деп, депутаттарды шынаарлап жүргөн министрлер тууралуу да сөз болду. Андай алакан жайып жүргөн министрлерди өкмөт башчысыН.Танаев билгизбей эске түйүп жүргөнүн айтат:

- Мына, министрлер отурушат. “Өкмөт мүчөлөрү комитеттерди кыдырып “мага кошуп койчу, көбүрөөк бөлүп бер” деп кичи-кичилеп жүрүшөт” дегениңердин негизи бар. Мен министрлерге айткам, “эгер депутаттарга барып сурана турган болсоңор мен чара көрөм” дегем. “Ошол силер суранып чоңойтуп алган бюджетти башка министр аткарып калат” дегем. Ким депутаттарга барып атат, ким суранып атат - мен азыр баарын карап, көз салып атам.

Быйыл 1-апрелден баштап президенттин жарлыгы менен мугалимдердин айлыгы 15% көтөрүлгөн. Бирок, мунун жарыгы мугалимдерге азырынча тийе элек. Себеби, жарлык чыкканы менен айлыкты жогорулатууга акча бөлүнгөн эмес. Финансы министринин айтымында, мамлекет каражатты эми араң таап, жер-жерлерге которо баштады. 2004-жылы мугалимдердин айлыгы дагы 30% көтөрүлөт экен. Билим берүү жана маданият министринин орун басары Анатолий Иванниковдун айтымында, мугалимдердин орточо айлыгы азыр 500 сомдун тегерегинде. Эсептей келгенде мугалимдердин айлыгына ашып кетсе 150 сом кошулат экен. Финансы министри Болот Абилдаевдин айтымында, жакынкы бир жарым, эки жылга дейре Кыргызстанда минималдык айлык чоңойбойт. Буга азыр шай жок экен. Ал эми мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгын эл катары жашагыдай деңгээлге жеткирүүгө да дарман жок экен. “Мугалимдердин айлыгын 100- 200% чейин көтөргөндү мен деле каалап атам. Бирок, анда башка жактагы акчаны азайтышыбыз керек болуп атпайбы?” деди финансы министри.

Ал эми “элден мурун мугалимдердин айлыгын көтөрүп бергиле” деп аткан депутаттардын бири Жуман Аккулуевдин оюнда, ушундай айлыкка чыдап иштеп аткан мугалимдерге “Эл баатыры” деген наам бериш керек. Бул депутат шайлоочуларына барганда мугалимдер менен дарыгерлердин көзүнө тике карагандан уялат экен. “Акчаны эч жактан издеп кереги жок. Шаарда жайнап турган кафе-ресторандардан, сауналар менен базарлардан издеш керек”, - деди ал. Мындай ойду депутат Жаныш Рүстенбеков да колдоду. Анын айтымында, базарлардын, ресторандардын жана сауналардын ээлери - жалаң чоң кызматта иштеген таасирдүү адамдар. Бийлигине таянып, алардын казынага тиешелүү каражат төкпөгөнү да айлыктардын көбөйүшүнө кедергисин тийгизип атат.

XS
SM
MD
LG