Бул тууралуу Бээжиндик маалымат каражаттары кабарлашты. Ошону менен Кытай мурдагы Советтер Союзу жана АКШдан кийин өз космонавтын ааламга аттанткан үчүнчү мамлекет болуп калмакчы. Кытайдын космостук мекемесинин өкүлдөрү билдиргендей, "Женшу-5" деген аталыштагы кеме жерди тегерете айланып чыгып кайра кайтып келет. Кытайлык алгачкы космонавттын сапары 90 мүнөткө созулушу күтүлөт.