Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:45

Ирактын Башкаруу Кеңешинин мүчөлөрү өлкөдө түрк аскерлерин жайгаштырууга каршы


Кеңештин төрагасы Ияд Аллави жакын арада бул маселе америкалык башкаруучу Пол Бремер менен талкууланаарын маалымдады. Башкаруу Кеңешиндеги күрддөрдүн өкүлү Махмуд Отман түрк аскерлери Ирактагы кырдаалды жакшырта албайт деп эсептейт:
- Жалпысынан алганда, биз америкалыктар ишенгендей, Иракка коңшулаш өлкөлөрдүн аскерлери келип биздеги коопсуздук маселелерин чечип бере алышпайт деп эсептейбиз, ошондуктан алардын армиясын Иракта жайгаштырууну каалабайбыз.
Түркиянын өкмөтү Ирактын Башкаруу Кеңешинин пикири бардык ирактыктардын көз карашын чагылдырбайт деп билдирди. Багдадда бүгүн 2000дей ирактыктар шийиттердин өкүлүн камактан бошотууну талап кылып жөө жүрүш өткөрүштү. Майед ал-Хазражи ушул дүйшөмбүдө АКШлык күчтөргө каршы аракеттери үчүн абакка отургузулган.

XS
SM
MD
LG