Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:24

Тынчтыкбек Чоротегин (Tynchtykbek Chorotegin), Париж - Прага. Бүгүн Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин Париждеги иш сапары карып, ал жетектеген кыргыз мамлекеттик делегациясы Атажуртуна кайтып кетти. Кыргыз президентинин Франциядагы иш сапарынын урунттуу учурлары жөнүндө учкай сөз кылмакчыбыз.

Октябрдын 8инде президент А.Акаев жетектеген кыргыз делегациясы Парижден өз мекенине жөнөп кетти.

Кыргызстандын президенти Аскар Акаев жетектеген жана курамына тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурова жана башка расмий өкүлдөр кирген делегация Парижде 4-октябрдан 8-октябрга чейин болду. Президенттин иш сапарынын башкы окуяларынын бири – анын ЮНЕСКОнун Башкы жыйынынын 32-сессиясында чыгып сүйлөөсү жана бул эл аралык уюм менен Кыргызстандын ортосунда маданият эстеликтерин коргоо жаатындагы макулдашууга кол коюу болду.

Дүйшөмбүдөгү ЮНЕСКОдогу сөзүндө президент Аскар Акаев Бириккен Улуттар Уюму менен ЮНЕСКОго Кыргызстандагы маданий чараларды, анын ичинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган иш-чараларды эл аралык деңгээлде өткөрүү жаатындагы көмөктөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Келээрки жылы да ЮНЕСКОнун сүрөөнчүлүгү менен Кыргызстанда “Евразия 21-кылымда: маданият очокторунун баарлашуусубу же цивилизациялар жаңжалыбы?” деген темада эл аралык жыйын өткөрүлгөнү жатканын Акаев белгилей кетти.

Президент Акаевдин сөзүнө караганда, демократиялык түзүлүштү өнүктүрүү жана жакырчылыкты жоюу - өлкөнүн башкы көйгөйлөрү. Кээде Кыргызстанды “Борбор Азиядагы демократия аралы” деп коюшат, бирок мындай жардыктарга биз манчыркап кетпейбиз. Демократиялаштыруу жараяны өткөндүн калдыктарын, авторитардык доордун мурасын жеңүү үчүн ар тараптуу аракетти талап кылат, - деди президент.

ЮНЕСКОнун Баш директору Коитиро Мацуура мырза менен президент Аскар Акаев дүйшөмбү күнү Чүй боорундагы маданий эстеликтерди сактоо боюнча ЮНЕСКО менен Кыргызстандын макулдашуусуна кол коюшту. ЮНЕСКОнун баш кеңсесинин короосуна тигилген кыргыз боз үйүндөгү бул кол коюу жөрөлгөсүнөн соң, Мацуура мырза бул макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн Жапония каржылык жардамын берип жатканын баса белгиледи.

Коитиро Мацуура мырзанын айтымында, Кыргызстандагы долбоор жалпы эле Улуу Жибек жолунун таманында жайгашып, тээ Кытайды, Борбор Азияны жана башка аймактарды кучагына алган евразиялык ири тилкедеги тарыхый эстеликтерди сактоо боюнча эл аралык иш-чаранын бир бөлүгү болуп саналат.

ЮНЕСКО менен Кыргызстандын карым-катнашындагы дагы бир жаңылык – бул дүйшөмбү күнү ЮНЕСКОнун акимиятынын жыйынында Кыргызстандын уюмдагы добуш берүү укугунун калыбына келтирилиши болду. ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясынын баш катчысы Адаш Токтосунова бул жаңылыкка чечекейи чеч болуп сүйүндү:

- Биз бир нече жылдан бери мүчөлүк акыны төлөбөй келгенбиз. Быйыл үч жылга мүчөлүк акы төлөп, андан тышкары мурдагы карыздын айрым бөлүгүн жаап койдук. Өлкөбүзгө эми добуш берүү укугу эки жылдык мөөнөткө кайтарылды. Мурдагы карыздардын айрым бөлүгүн биз акчалай эмес, маданий иш-чара уюштуруу аркылуу да төлөй алабыз.

Мурдагы советтик өлкөлөрдүн айрымдары, маселен, Тажикстан, бул жолу да добуш берүү укугун кайтарып ала алышкан жок.

Дүйшөмбү күнү кечинде президент Аскар Акаев менен француз президенти Жак Ширак (Jacques Chirac) Элисей сарайында сүйлөшүү жүргүзүштү. Эки тараптуу кызматташтык жана Борбор Азиядагы коопсуздук сыяктуу маселелер камтылган бул сүйлөшүү байсалдуу өткөнүн президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев “Азаттыкка” мындай деп айтты:

- Президент Аскар Акаев менен жолугушуусу маалында Франциянын президенти Жак Ширак “Кыргызстан Франциядан Европа Биримдигинде Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргой турган шеригин тапты” деп айтты. Президенттер жолугушууга катышкан өкмөт мүчөлөрүнө өз тармактарына ылайык так тапшырмалар да беришти. Маселен, аскер тармагында, экологиялык абалды чыңдоо жаатында кызматташуу, өз ара экономикалык байланыштар чыңдала бермекчи. Келээрки жылы Бишкекте эки президенттин кийинки жолугушуусу өткөрүлөөрү да белгиленди. Ага чейин өз ара кызматташтыкты өркүндөтүү тууралуу бир нече келишимдин долбоору даярдалмакчы.

Ал эми шейшембиде, октябрдын 7синде Париждеги Сорбонна университетинде кыргыз тарыхына, маданиятына жана улуттук өзүн-өзү аңдоосуна арналган илимий талкуу болду. Кыргыз жана француз окумуштуулары катышкан бул жыйында чыгып сүйлөп, президент Акаев көөнө кыргыз тарыхына да токтолду.

- Кыргызстан тарыхынын эң тээ биздин заманга чейинки 3-кылымдын соңунан бери карай эң байыркы тамыры бар. Бул тууралуу алгачкы тарыхый күбөлөндүрмө маалыматты “Кытай тарыхынын Геродоту” – улуу тарыхчы Сыма Цянь жазып калтырган.

Сорбонна университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети да узак мөөнөттүк кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Шаршембиде президент Аскар Акаев Франциянын Сенатынын төрагасы Кристиан Понселэ (Christian Poncelet) мырза менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүздү. Мурда белгиленгендей, Греноблдагы аскердик машыгуу жайын кыдыруу болбой калды.

Айтмакчы, кабарчыбыз Антуан Блуа бүгүн Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму менен байланышып, президент Аскар Акаевдин Франциядагы иш сапарынын маалында бул уюм француз президенти Жак Ширакка эч кандай кайрылуу жолдобогонун жана нааразылык чараларын да уюштурбаганын тактады.
XS
SM
MD
LG