Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:09

Иракта бүгүн кеминде oн киши набыт болду


Багдадда полиция бекетинде машина жарылганда каза болгондордун үчөө - полициячылар, бешөө - карапайым кишилер болгонун АКШ армиясынын капитаны Шон Көрли билдирди. Жарылган машинанын ичинде канча киши отурганы белгисиз.
Багдадда бүгүн ошондой эле испаниялык дипломатты үйүнөн чыгып келаткан жеринен атып кетишти. Күбөлөрдүн бири "Азаттыктын" Багдаддагы кабарчысына буларды билдирди:

– (Куралчандар) (элчини) аткылай башташты. Алардын бир нече огу жаза тийди. Акыры өлтүрүп тынышты. Ок анын башына тийди. (Куралчандар) бизге "Кимде ким ордунан жылса, атып салабыз" деп коркутушту. Анан машинага отуруп, жүрүп кетишти.

Ал эми Багдаддан 60 чакырым аралыкта граната аткыч менен кол салуудан бир америкалык аскер окко учту.
Ушул тапта АКШнын Ирактагы администратору Пол Бремер Ирактын өкмөттүк кеңеши менен кайрадан жолугушууда. Тараптар Ирактын түндүгүндө түрк аскерлерин жайгаштыруу планына байланыштуу айтылып жаткан тынчсызданууларды талкуулашат.
Буга байланыштуу АКШнын Коргонуу катчысы Дональд Рамсфельд кечээ мындай деди:

– Ирактын өкмөттүк кеңеши түрк аскерлеринин Иракка жайгаштырылышына каршы добуш берише элек. Кеңеште бир-эки киши буга каршы болгон. Бирок мен билгенден, маселенин башы ачыла элек.

XS
SM
MD
LG