Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Баткендеги миналардан жабыркагандарга арналган сүрөт көргөзмөсү Мыйзам чыгаруу жыйынында уюштурулду


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын имаратында «Баткен-2003» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө өлкөнүн түштүгүндөгү чек арага Өзбекстан тарабынан көмүлгөн миналардан курман болгон жана жабыркаган кыргызстандыктардын көйгөйүнө арналды. Мындай иш-чара Кызыл чырым коомунун жергиликтүү бөлүмүнүн жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ташболот Балтабаевдин демилгеси менен уюштурулду. Өзбекстан тарап көмгөн миналардан 2001-жылдан бери Баткен облусунда беш киши каза болуп, дагы бешөө ар кандай жараат алышкан. Өзбекстан 1999-2000-жылдары «Өзбекстан ислам кыймылынын» согушкерлеринен коргонуу максатында Кыргызстан менен макулдашпастан чектеш аймактарга мина көмгөн. Андан бери Өзбекстан тарап миналардын кайсы жерге көмүлгөндүгү тууралуу Кыргызстанга маалымат бербей келет.

XS
SM
MD
LG