БИШКЕК. «Кант» аба майданы аскердик учактарды кабыл алууга даяр. Эртеңден тартып Орусия тарап «Кант» аба майданындагы аскердик жабдууларды Кыргызстандан өткөрүп ала баштайт. Бул тууралуу Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн бүгүн Кыргызстанга келген колбашчысы Владимир Михайлов журналистерге кабарлады. Жамааттык Коопсуздук Келишиминин алкагында Орусиянын авиабазасын «Кант» аба майданына жайгаштыруу тууралуу келишимге быйыл 22-сентябрда Москвада коюлган. Ага ылайык Канттагы аба майданына Орусиянын 500гө жакын аскерлери жана 20дан ашуун аскер учагы жайгаштырылат.