Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

БИШКЕКТЕ БОРБОР АЗИЯДАГЫ УРАН КАЛДЫКТАРЫНА АРНАЛГАН ЖЫЙЫН ӨТТҮ


10-октябрда Бишкекте Борбор Азия аймагындагы уран калдыктарынын көйгөйлөрүнө арналган эки күндүк эл аралык семинар өз ишин жыйынтыктады. Cеминардын катышуучулары Борбор Азия аймагындагы уран калдыктары миллиондогон адамдарга коркунуч келтирип жатканын дагы бир ирет белгилеп, «маселени чечиш үчүн мамлекет аралык кызматташтыкты мындан да жакшылап чыңдаш керек» деген чечимге келишти. Жыйында Майлысуудагы уран калдыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу иштери эл аралык коомчулуктун жардамы менен аткарыла баштаганы белгиленди.

Борбор Азия аймагындагы, анын ичинде Кыргызстандагы уран калдыктарынын көйгөйүнө арналган жыйындар Бишкекте буга чейин да өтүп келген. Бул жолу жыйынга Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Америка Кошмо Штаттарынын өкүлдөрү чогулуп, уй мүйүз тартып отуруп сөз курушту. Негизинен сөз удулу Кыргызстандын аймагындагы эң коркунучтуу деп эсептелген Майлысуудагы уран калдыктарынын айланасында жүрдү.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен быйыл апрель жана июль айларында Кыргызстанда өткөн жыйындарда Майлысуудагы коркунучка эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга мүмкүнчүлүк ачылган. Натыйжада Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга 5 млн. доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө макулдугун берди. Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин башчысы Анаркул Айталиевдин айтымында, Дүйнөлүк Банктын акчасы 2004-жылдан тартып бөлүнөт.

- Бул акча кредит эмес, жардам катары берилет. Ал акчаны пайдалануу боюнча даярдыктар жүрүп жатат. Бүгүнкү жыйындын да бир максаты ошол. Анткени чет өлкөдөн келген адистер акчанын жумшалышы боюнча өз сунуштарын айтышты, - деди Анаркул Айталиев.

Майлысууда 23 уран калдыктары бар. Алар 1946–1968-жылдар аралыгында уран казып алуунун натыйжасында пайда болгон жана Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү экологиялык жактан эң коркунучтуу очоктордун бири болуп эсептелет. Кыргыз парламентинин депутаты Турдакун Усубалиевдин айтымында, Майлысууда 141 млн. тонна уулуу заттар көмүлгөн. Бирок акыркы 30 жылда уран калдыктарынын коопсуздугун сактоо боюнча олуттуу иштер жасалган эмес. Совет өкмөтү кулагандан кийин эгемендикке жеткен Кыргызстан өз казынасынан Майлысуу үчүн жыл сайын 7-8 млн. сом гана каражат бөлө алат. Адистердин айтымында, бул каражат уран калдыктарын карап-көзөмөлдөп туруудан ашпайт.

Анаркул Айталиевдин маалыматы боюнча, Дүйнөлүк Банктын эксперттеринин эсебинде уран калдыктарын коопсуз абалга келтириш үчүн 16 млн. доллар зарыл.

- Ал эми алгачкы иштерге 9,5 млн. доллар керек деп эсептеп жатабыз. 5 млн. долларга иш жасалып калса, калганын да көрөбүз. Анткени Дүйнөлүк Банк 5 млн. доллардан тышкары да кошумча акча бөлүүгө ниеттенип турат, - дейт Анаркул Айталиев.

Майлысууда айрыкча кийинки убакта кайра-кайра жүргөн көчкүлөр уран калдыктарынын коопсуздугуна терс таасирин тийгизүүдө. Кокус уран калдыктары жырылып кетсе, ал Майлысуу дарыясы аркылуу Нарынга куюлуп, андан Сырдарыяга жетип, анын алабында суу ичип, дыйканчылык кылып келаткан Фергана өрөөнүнүн миллиондогон калкы жапа чегет.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттигинин жооптуу кызматкери Евгений Верютиндин айтымында, Казакстандын аймагында 100дөн ашуун уран калдыктары бар жана анын төртөөнү казак бийлиги өз күчү менен коопсуз абалга келтирүүгө жетишкен.

- Уран калдыктары боюнча иштер Казакстанда күрдөөлдүү жүрүп жатат. Кыргызстандан айырмаланып, ал иштерди Казакстан өз күчү менен бүтүрүүдө. Бул иштерге инвестиция тарткан жокпуз. Бирок жүздөн ашуун уран калдыктарын зыянсыздандырууга 1,5 млрд. доллардан ашуун каражат керек, - деди Евгений Верютин.

Казакстан өз казынасынан төрт уран калдыгын зыянсыздандырууга миллиарддан ашуун тенге же 6 миллион доллардай каражат жумшаган. Евгений Верютиндин айтымында, казак өкмөтү азыр эл аралык уюмдарга уран калдыктарына каражат бөлүп берүүнү сунуш кылууда.

Орусиянын Атом энергетика министрлигинин бөлүм башчысы Вадим Остробородовдун айтымында, Орусиянын бул министрлиги Майлысууда кайсы уран калдыктары өтө коркунучтуу экенин өз күчү менен аныктап чыккан.

- Былтыр биз инвестицияга негиздемени даярдап, Кыргызстандын адистерине өткөрүп бердик, - дейт Вадим Остробородов. Анын маалыматына караганда, Атом энергетика министрлиги ушу тапта Кажысайдагы уран калдыктарын зыянсыздандыруунун үстүнөн иштеп жатат. Кажысайдагы иштерге кеминде 600 миң доллар каражат керек.

Бишкекте өткөн семинардын катышуучулары жыйынтыктоочу документ кабыл алышты. Анда алар Майлысуу боюнча маалыматтардын топтомун түзүп, аны Интернетке коюу тууралуу макулдашышты. Майлысуу боюнча маалыматтар топтому мындан ары уран калдыктары боюнча башка иштерге үлгү катары кызмат кылмакчы.

XS
SM
MD
LG