Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Марокконун падышасы аялдардын укуктарын кеңейтүдө


РАБАТ. Марокконун падышасы Мухамед 6-чы аялдардын укуктарын кеңейте турган реформаларды ишке ашыра турганын билдирди. Реформа боюнча, аялдардын күйөөгө чыгуу жашы 15тен 18 жашка чейин жогорулатылып, эркектердики менен бирдей болот. Күйөөгө чыккан аялга үй мүлкүнө ээлик кылуу укугу жана күйөөсүнөн ажырашуу укугу берилет. Никени сот гана ажырата алат. Марокконун мусулман эркектеринин төрт аял алуу укугу сакталып кала бермекчи. Бирок реформа боюнча, эми эркектин аял алуусуна соттун, эркектин улуу аялдарынын жана колуктуунун макулдугу керек болот.

XS
SM
MD
LG