Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

ИСЛАМ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ УЮМУНУН БАШ КАТЧЫСЫ АКШ МЕНЕН ИЗРАИЛДИ АЙЫПТАДЫ


Малайзиянын Путражайа шаарында Ислам Конференциясы Уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйыны уланып жатат. Мусулман мамлекет башчыларынын саммиттин утурлай өтүп жаткан жыйындын катышуучулары Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча бир пикирге келишсе, Ирак маселесинде бир топ карама-каршы көз-караштар айтылууда. Уюмдун жалпы катчысы ачылыш сөзүндө 11-сентябр чабуулдарынан кийин Ислам дүйнөсү бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын да белгиледи.

57 мамлекеттин башын бириктирген уюмдун кезектеги жыйынында Жакынкы Чыгыш менен Ирак негизги темалардан болуп калды.
Жекшембиде сессияга катышып жаткан расмий өкүлдөр Израилдин палестиналыктарга каршы аскерий операцияларын жана Шарондун өкмөтүнүн Яссир Арафатты мекенинен кетирүү боюнча демилгесин бир добуштан айыптап чыгышты. Йемендик делегаттын Ройтер агенттигине билдиргенине караганда, Жакынкы Чыгыштагы жаңжал боюнча резолюция иштелип чыгат деп күтүлүүдө. Мындан бир жума мурун Израилдин аба чабуулуна кабылган Сирия да уюмдун колдоосуна ээ болду. Атайын резолюциянын долбоорунда Дамасктын өзүн коргоого толук укугу бар экенине басым жасалат. Ислам Конференциясынын баш катчысы марокколук Абделвахед Белкезиз аймактагы абалдын курчуп кетиши үчүн Тель-Авивди күнөөлөдү:

- Жол картасы тынчтык планынын талаптарын аткарууда Израиль өкмөтүнүн тээжиктигинин айынан Палестинадагы кырдаал күн өткөн сайын оорлошуп баратат.

Ал эми Ирак маселесинде мусулман лидерлери жуманын аягында ушул эле Путражайада өтүүчү саммитинде бир мунасага келе алышат деп айтуу кыйын.
Жекшемби күнү тышкы иштер министрлеринин жыйынынын ачылыш сессиясында сүйлөгөн сөзүндө уюмдун баш катчысы Белкезиз чет өклөлүк аскерлер Ирактан чыгып кетиш керек деген чакырык жасады:

- Биздин талаптарыбыздын негизгиси – чет элдик күчтөр Ирактан чыгып кетип, БУУга Иракты башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөр берилүүгө тийиш.


Мусулман мамлекеттери арасында мындай көз-карашты колдобогондор да бар экени айкын. Маалым болгондой, уюмдун мүчөсү Түркия, мисалы, АКШга жардам ирээтинде Иракка аскер жиберүү чечимин кабыл алган. Жыйында расмий Анкаранын өкүлү Тахсин Буржуолу түрк аскерлери этникалык күрддөр жашаган Ирактын түндүгүнө жайгаштырылбасын белгилеп, жоокерлерге тынчтыкты камсыздоо вазийпасы жүктөлөт деп кошумчалады. Ал эми Йемендик элчи Абдулелах Хайяр Ройтер маалымат агенттигине билдиргендей, Анкара БУУнун мандатысыз өз аскерлерин Иракка жиберсе, анын өлкөсү Ирак тарапта болот. Белгилүү болгондой, Ирактын башкаруу кеңеши кошуна мамлекеттин Иракта стратегиялык кызыкчылыктары арбын экенин белгилеп, түрк бейпилдик күчтөрүнө каршы болуп келатат. “Түркия – мусулман өлкөсү, бирок ал БУУнун Коопсуздук Кеңешине (резолюцияларына) ылайык аракеттенсе, аны эч ким сындабайт”, - деди йемендик дипломат.

Айтмакчы, Ирактын башкаруу кеңешинин тышкы иштер министри Хошияр Зебаринин жана Кеңештин төрагасы Лиад Аллавинин бейшемби күнкү жыйынга катышуусу уюмдун Ирак боюнча бөлүнүп жарылуусун ого бетер күчөтүшү ыктымал деген пикирлер да айтылууда.

Вашингтон дагы бир мусулман өлкөсүнөн, атап айтканда, Пакистандан 131 миң аскерин Иракка жиберет деп үмүт артып жүрөт. Ройтерге берген интервьюсунда Пакистандын тышкы иштер министри Хуршид Махмуд Казури анын өлкөсү БУУнун мандаты менен, же мусулман күчтөрүнүн алкагында, же болбосо Ирак өзү кайрылган учурда гана аскерлерин жиберээрин ырастады. Коалиция Ирактан чыгып кетсин деген айрым делегаттардын талаптарын пакистандык министр реалдуу эмес деп баалады. Анткени АКШ армиясын алып чыгып кетсе, өлкөнү стабилизацияштырууга кимдин күчү жетет? “Муну Германия менен Франция да талап кылган жок. Реалдуу болуш керек”, - деген ойдо Казури. Айрым маалыматтарга караганда, саммитте Пакистандын президенти Первез Мушарраф Ислам конференциясын реформалоо демилгесин көтөрөт деп болжолдонууда. Расмий Исламабаддын өкүлдөрүнүн айтуусунда, президент “байистүүрөөк болууга, мусулман мамлекеттерин ислам экстремизми менен терроризмге каршы күрөштө биригүүгө” чакырмакчы.

11-сентябр чабуулдарынан кийин мусулман лидерлеринин алгачкы чоң жыйыны коопсуздук чараларынын күчөтүлгөн режими жагдайында өтүп жатат. 8 миңге чукул полициячы менен аскер тик учмалардын коштоосунда жыйын өтүп жаткан аймакты көзөмөлдөп турушат.

XS
SM
MD
LG