Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Түштүк Кореянын президенти өлкөдө реформа өткөрүүнү каалайт


Түштүк Кореянын президенти Ро Му Хен декабрдын орто ченинде өлкөдө улуттук референдум өтөөрүн билдирди. Ал бүгүнкү телекайрылууда референдум өткөрүүгө өлкөдөгү түзүлгөн оор кырдаалдан улам салыштырмалуу президенттик милдетин аткаруу кыйындап калганы түрткү болгонун билдирди.
- Эгерде саясий партиялар 15-декабрда болчу референдумдан кийин президенттикке өз талапкерлерин тандай алышса, мен 15-февралга жакын президенттик кызматтан кетем. Президенттик шайлоо жалпы элдик шайлоо менен чогуу 5-апрелде же 15-февралдан кийинки 60 күндүн аралыгында өткөрүлүшү мүмкүн болот.
8 ай мурда президент болуп шайлаган Ро Му Хендин эл арасындагы кадыр- баркы өлкөдөгү финансылык чыр-чатактар жана экономикалык абалдан улам өтө төмөндөп кеткен.

XS
SM
MD
LG