Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Бишкекте Кыргызстандын экологиялык коопсуздугуна арналган семинар өткөрүлдү


БИШКЕК. Кыргызстандагы коркунучтуу экологиялык кырсыкка алып келүүчү жагдайлардан өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жумшалчу каражаттын эсебинен чыкса болот. Ал үчүн Кыргызстанга карыз берген өлкөлөрдү жана дүйнөлүк уюмдарды ушуга ынандыруу зарыл. Ошол эле учурда бул аркылуу тышкы карыздын кайсы бир бөлүгүн жоюп, өлкөдөгү экологиялык кырсыкка алып келүүчү обьектилерди оңдосо болот. Президент Аскар Акаев бүгүн Өкмөт Үйүндө «Кыргызстандын экологиялык коопсуздугу - Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүшүнүн фактору» деген темада өткөн семинарда сүйлөгөн сөзүндө ушундай пикирин билдирди. Бул тууралуу семинардан кийинки маалымат жыйынында экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашев жана президенттин кеңешчиси Асылбек Айдаралиев журналистерге кабарлашты. Алардын айтымында, Кыргызстанда уулуу заттардын калдыктарын сактоочу 50дөн ашуун жер бар. Алардын ар бирин оңдош үчүн жок эле дегенде 30-40 млн. доллар талап кылынат. Мындан тышкары, Кыргызстанда азыр жетиштүү деңгээлде тосулбаган 11 суу сактагыч бар.

XS
SM
MD
LG