Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Кытай алгачкы космонавтын космоско учурду


Кытай бүгүн өлкөнүн тарыхында космоско биринчи жолу адамды учурду. Космостук “Шень чжоу-5” космос кемесинин бортунда аскер авиациясынын подполковниги, 38 жаштагы Яң Ливей бар.
Космос кемеси Цзюцюань космодромунан асман мейкиндигине ийгиликтүү учуп чыкты. Ал Жер шарын 14 жолу айланып, эртең таңга маал коноору күтүлүүдө. Кытай космоско адам учуруу боюнча дүйнөнүн Орусия жана АКШдан кийинки үчүнчү өлкөсү болуп калды.
Кытайдын президенти Ху Цзинтао:

- Жолдоштор! “ Шеньчжоунун” көптөн бери күтүлгөн учуусу ийгиликтүү болду. Биздин өлкөбүз өзү өнүктүргөн, өзүбүз даярдаган космонавтты алып бара жаткан кеме орбитага эч кедергисиз чыкты. Биз башкаруудагы космос программасы үчүн күрөштө биринчи жеңишке жетиштик. Кытай эли глобалдык илим жана техниканын бийиктигин багындыруу жаатында өтө маанилүү тарыхый кадамды жасады.

XS
SM
MD
LG