Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:09

Баткен облусунун администрациясы Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигине кат жолдоду


БАТКЕН. Бүгүн Баткен облусунун акимчилиги Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигине кат жолдоду. Бул катта Кыргызстандын Бозадыр чек ара бекетин мурдагы ордуна жылдырууга Сох районунун Шахрабат айылынын эли тоскоолдук кылып, 14-октябрда Ош-Баткен жолун тосуп чыкканы айтылат. Катта ал жерде Кыргызстандын 11 гектар жери бар экени, 3 жыл мурда коюлган Бозадыр чек ара бекети өзбек тарап электр энергиясын бербей койгонунан улам быйыл апрелде убактылуу 4 чакырымдай артка жылдырылганы эскертилген. Мындан тышкары, Сох районунун акими Хакимжан Сайфидинов Баткен облусунун губернаторунун биринчи орун басары Максат Дыйканов менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып «чек ара бекетин койсоңор, вагонеткаңарды өрттөп салабыз» деп зекигени белгиленет. Баткен облусунун жетекчилиги Фергана облусунун акимчилигин мындай жетекчиге карата тиешелүү чара көрүүгө жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырган. Каттын соңунда эгер өзбек тарап чек ара бекетин коюуга мындан ары жолтоо кылса, кыргыз тарап да ошого жараша чара көрөөрү эскертилген. Мындай маалымат бүгүн облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн алынды.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG