Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ РЕСПУБЛИКАЛЫК АКСАРАЙДЫН КУРУЛУШУН БЮДЖЕТТИК МЕКЕМЕЛЕРДИН МОЙНУНА ЖҮКТӨП ЖАТАТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргыз өкмөтү республикалык административдик аксарай курганга киришип калды. Премьер-министр Николай Танаев бул зор имаратты куруу тууралуу токтом чыгарып, анын болжолдуу баасы 3 млн. доллар деп аныкталды. Эмки жылдын бюджетинен бул курулушка атайын каражат бөлүнбөгөнү менен, республикалык аксарайга тиешелүү конок үйлөрүн салуу милдети бюджеттик мекемелердин мойнуна жүктөлдү. Эл өкүлдөр жыйынынын XVII сессиясынын экинчи бөлүгүндө өлкөнүн жетекчилигине кызмат кылчу бул имараттын тагдыры чечилет.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаевдин билдиргенине караганда, бул имараттын курулушуна болжол менен 3 млн. доллар коройт. Анда Кыргызстандын ар кандай эл аралык алакалары ишке ашып, сырттан келген меймандарга сый-урмат көрсөтүлөт. Президент Аскар Акаев 2200 жылдык той алдында ушундай республикалык аксарай тургузуу зарылдыгын белгилеген. Бирок Эл өкүлдөр жыйынынын айрым депутаттарынын пикиринде, мамлекет башчысынын ал оюн өкмөт көбүртүп-жабыртып, анча деле чоң көрүнбөгөн имаратты заңгыраган сарайга айлантып салды. Өкмөт башчысы сессияда депутаттарды «бюджеттен бир да тыйын коробойт» деп ынандырды. Кыргыз өкмөтүнүн бул тууралуу чыккан токтомунда бул аксарайды курганга инвестициялык конкурс өткөрүү белгиленген. Демек, кыргыз өкмөтүнүн буга чет жактан акча табуу үмүтү бар. Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов «бул имаратты курганга мамлекеттик казынадан акча кетпейт» деп ырастады.

- Бул аксарайда конгресс-холл деген болот, жыйындар залы жана конок үйлөрү болот. Бул имаратка эч качан бюджеттен акча коробойт. Сырттан булак издейбиз, - дейт Курманбек Осмонов.

2004-жылдын бюджетинен бул зор имараттын курулушуна акча каралган жок. Бирок 2004-жылдын бюджети тууралуу мыйзамда ал сарайдын курамына кирчү конок үйлөрүн куруу министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин мойнуна жүктөлгөн. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Баяман Эркинбаев мындай зор имараттын курулушуна таптакыр каршы. Анын айтымында, бюджеттен акча уурдалышы ыктымал.

- «№ 1-конок үйдү Финансы министрлиги, № 2-конок үйдү Ички иштер министрлиги, дагы бирин Мамлекеттик мүлк фонду курсун» деп жазылып турат. Алар кайдан алышат, акчаны? Президентке жагыныш үчүн бюджеттен эле уурдашат. Баягы эле бечара элдин акчасы коройт, - дейт Баяман Эркинбаев.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Кубатбек Байболов «бийлик бутактарында коррупция бар экени анык болгон соң, ошол элдин каражаты бирөөнүн чөнтөгүнө түшкүчө, жок дегенде республикалык аксарай болуп туруп калсын» дейт. Анын оюнда, кыргыздар чет элдик делегацияларды тоскондо Советтик доордон калган имараттардын азыркы кейпинен уялат болуш керек. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Исхак Масалиевдин айтымында, премьер-министр күчкө салып милдеттендирип аткан курулушка кайдан акча табаарын билбей, бюджеттик мекемелердин башчылары менен министрлер айласын таппай атышат. Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын ноябрда улана турган сессиясында депутаттар өкмөттү бул оюнан айныта алабы-жокпу, аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG