Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Испания Иракка 300 миллион доллар жардам көрсөтүүнү чечти


Испаниянын экономика министри Родриго Рато кечээ күнү атайын билдирүү жасап, келерки төрт жылдын ичинде Испания Иракка 300 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт деп жарыялады. Буга чейин Жапания бир жарым миллиард, Улуу Британия 919 миллион жана Европа Биримдиги 232 миллион доллар кошумча кошоорун билдирген. Эксперттердин айтымында, төрт жыл ичинде Иракка бардыгы болуп 56 миллиард доллар жардам талап кылынат. Президент Жорж Буштун айтымында, АКШ жардам катары 20 миллиард доллар акча бөлүүгө тийиш, бирок Сенат 16-октярбда ал акчанын жарымы насыя түрүндө гана берилиш керек деп чыкты.

XS
SM
MD
LG