Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

ПРЕЗИДЕНТТИН КАЙРЫЛУУСУ, ВАРШАВА ЧЕНЕМИНДЕГИ СӨЗ ЭРКИНДИГИ, АЗЕРБАЙЖАНДАГЫ ШАЙЛОО


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында чоң сөзгө алынган тема президент А.Акаевдин элге, парламентке кайрылуусу болду. Көпчүлүк басылмалар аны “Президент эмнелер жөнүндө айтты?” деген аталышта жарыялашты. Ал эми эркин басылмаларда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Варшавада өткөн жылдык жыйынында айтылган кеп-сөздөргө көбүрөөк көңүл бурулууда. Польшадагы жыйында Кыргызстандагы сөз эркиндиги, адам укугунун сакталышы тууралуу бир топ сын пикирлер айтылган. Азербайжандагы президент шайлоо да кыргыз басылмаларынын баамынын сыртында калган жок.

Өкмөттүк басылмаларда А.Акаевдин парламент менен элге кайрылуусу «Президент эмнелер жөнүндө айтты?» деген аталышта кыскача баяндама түрүндө жарыяланды. Президенттин демилгеси менен өткөрүлгөн маараке, шаң-салтанаттарды тизмектей келип «Кыргыз туусу» гезити момундай жыйынтык чыгарат: «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын өткөрүү шарапаты менен натыйжалуу иштөөгө, олуттуу алга илгерилөөгө ыңгайлуу тышкы жана ички жагдайлар түзүлдү».

«Президенттин алып чыккан идеологиясы абдан туура» дейт парламент депутаты Тажиниса Абдырасулова «Заман Кыргызстан» гезитинде жарыяланган пикиринде.

«Азербайжандын «Таза шайлоо» аттуу мониторинг борборунун билдиргенине караганда, Илхам Алиев шайлоодо жеңип чыкты», деп жазат «Заман Кыргызстан» гезити. Анткен менен шайлоонун акыйкат өтпөгөнүнө ичи чыкпаган оппозиция Бакуда нааразылык жыйындарын өткөрдү.

«Ар бир үйдө байгерчилик болушу үчүн туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу керек. Аны схема түрүндө да көрсөтсө жарашат», деп белгилейт «В конце недели» апталыгы А.Акаевдин кайрылуусуна токтолуп. «Жакшы жашоого жетиш үчүн үч багытта аракет кылуу абзел. Биринчиси - акыйкат башкаруу. Экинчиси - экономикалык өнүгүү. Үчүнчүсү - социалдык мобилизация. Кыргызстан чын дилден коррупцияга каршы туруу максатында ыймандуу башкаруучуларга басым коюуда», деп белгилейт Галина Лунева «Эшик жабылганга чейин» деген макаласында. Автордун пикиринде, өнүгүп бараткан өлкөлөрдө коррупциянын чайлап-коолап кетишине эларалык, трансулуттук компаниялар шарт түзүшөт. Алардын кайсы бир жеңилдиктерди алыш үчүн чиновниктерди акчага сатып алышы текейден арзан.

«А.Акаевдин кадыр-баркы эл арасында өтө жогору, болгону элден обочолонуп, асманда калкып жүргөн тегерегиндеги айрым чиновниктерден, министрликтеги бюрократтардан кутулса, элдин ишеними мындан да артар эле» деп белгилейт профессор Ж.Жоробеков «Эркинтоо» гезитиндеги макаласында. «Эгер президент акционерлештирүү менен менчиктештирүү учурунда элдин мүлкүн басып алгандардын байлыгын элге тартып берсе элдин Аскар Акаевичке болгон ишеними ого бетер өсмөк», дейт профессор Ж.Жоробеков.

«Кыргызстан аба жолдору» авиакомпаниясы жакын арада банкротко кабылганы турат. Күчтүү атаандаштарынын сүрүнө туруштук бере албай, айласын таппай отурганын апта соңундагы «Вечерний Бишкек» гезити жазып чыкты. Компаниянын жалпы карызы 12 млн. доллар. Анын 8 миллиону мамлекеттик бюджет алдындагы бересеси. Эмнеликтен компаниянын өкмөт алдындагы карызынын 3 млн. ашуун долларын жеке менчик «Казкоммерцбанк» төлөгөнү табышмак.

Президенттин кайрылуусуна жума күнкү «МСН» гезитинде Рина Приживойт токтолгон. «12 жылда көрүнүктүү эс нерсе жасалган жок,- деп жазат автор.- Реформалар экономиканын жиңкинин түгөттү, эл жакырчылыкка белчесинен батты, демократия жылуу-жумшак жеке бийликке өтүп алды. Мамлекет башчысы гана оптимисттик маанайынан жана элек. Өз кайрылуусун баштагандан эле Кыргызстан демократия жолуна чыккандыгын, мамлекеттик институттарын бекемдеп, граждандык коомдун потенциалын көтөрүп, элдин турмушун оңдоого багытталган саясатты иштеп чыгып, коомдо ымалага келүүнү колдоп келди деп белгиледи»

Варшавадагы ЕККУ жыйыны тууралуу Александр Кимдин макаласы жарыяланган. «Биз сыртка адам укугун барктаган өлкөбүз деп кыйкырганыбыз менен, өлкө ичинде мамлекеттик калп менен экижүздүүлүктү орнотуп койгонбуз», деп жазат автор.

17-октябрдагы «Демократ» гезитинде Артем Петровдун «Чиновниктердин эрежеси боюнча оюндар», Лейла Саралаеванын «Жергиликтүү журналистиканын өзгөчөлүктөрү» деген макалалары жарыяланды. Анда эркин басылмалар менен бийликтин ортосундагы мамилелер, соттук териштирүүлөр тууралуу кеп болот.
XS
SM
MD
LG