Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Коопсуздук кеңешинин жыйынында энергетика тармагынын абалы талкууланды


БИШКЕК. Кечээ президент Аскар Акаевдин төрагалыгында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн энергетика тармагындагы абал талкууланып, анын жетекчилиги кескин түрдө сынга алынды. А.Акаев «энергетикадагы өксүктөргө бул тармактын жетекчилиги, өкмөт мүчөлөрү, облустардын губернаторлору, тартип коргоо органдары күнөөлүү» деген пикирин билдирди. Мамлекет башчысы электр энергиясын көп талап кылган ар кандай мекеме-ишканалары бар мамлекеттик чиновниктер электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөнүн мисал келтирди. Ал мындай аткаминерлердин (чиновниктердин) аты-жөнү маалымат каражаттарында жарыяланышын талап кылды. Президент өкмөткө энергетикалык системадагы кризисти жөнгө салуу боюнча тез арада чукул иш жүргүзүүнү жана жыл аягына чейин энергетика тармагынын дебитордук карызын 15% азайтууну тапшырды. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ал эми Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Уларбек Матеев бул жыйында «быйыл электр энергиясынын тарифтери жогорулабайт» деп билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын 1-октябрына карата энергетика тармагындагы дебитордук карыз 2 млрд. 550 млн. сомду түздү.

XS
SM
MD
LG