Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

КЫРГЫЗ ТИЛИН КОРГОО КЫЙМЫЛЫ, УНДУН КЫМБАТТАШЫ, ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН УУРДАГАНДАР, ОРУС-КЫРГЫЗ ЫМАЛАСЫ


Кыргыз басылмаларында Орусиянын президентинин боло турган иш сапары, Кантта аскердик авиабазанын турушу, расмий Москванын Борбор Азиядагы геосаясий кызыкчылыгы тууралуу кеп козгогон материалдар арбын жарыяланууда. Өлкө ичинде өтө олуттуу проблема катары азырынча ундун кымбатташы, ага байланышкан экономикалык көйгөйлөр туурасында көп жазылууда. Президент А.Акаевдин элге жана парламентке кайрылуусунан кийин “Анын дагы бир жолу президенттик шайлоого катышуусу мүмкүнбү?” деген суроо айрым басылмаларда кайрадан коюлду. Кыргыз өкмөтү электр энергиясын уурдагандарга катаң чараларды көрөөрүн билдирип, ага Коопсуздук кеңешинин атайын жыйынын чакырды. Ал арада адистер Ысыккөлдүн суусу көтөрүлүп баратканын айтышууда.

“Кыргызстан күрөө тамырдан алганда, Америка, Орусия, Кытай менен жылуу мамилени үзбөй, канатташтыкта болууну эп көрөт. Бул улуу державалардын көтөргөн ар бир демилгесине кичи уулдай элпектик менен аткарууга даяр”, деп жазат шейшемби күнкү “Аалам” гезитинде Элнура Кулуева. Макалада Кыргызстан лөк мамлекеттердин ичинен Орусияга өзгөчө жакын экени айтылат. “Орусия 10 жылдан бери иштебей токтоп турган “Кант” авиабазасын оңдоп, аскерлерин жайгаштырууда. Аскердик базанын бир жылдык чыгымы 130 млн. рублди түзөт. Орусия бул ишке мамлекеттик бюджетинен 290 млн. рубль акча бөлүп берген”.

Ушул эле гезит кыргыз тил кыймылы түзүлгөнүн маалымдап, “тил маселесин элге айтууда жасалмалуулук көп” деп жазат. “Маселенин тереңи, чыныгы жүйөсү, бир жактуу эмес, бардык жактан камтууга алынып, болгону болгондой ачык айтылса, коомдо, калкта калыптанган туура түшүнүктөрдүн негизинде абал да, аракет да алда качан оңуна келмек”.

Шейшембидеги “Агым” гезитинде Алым Токтомушевдин ундун кымбатташына байланыштуу “Калк териси канча кат тилинет?”, Мамат Сабыровдун “Акаев Американын батасын алдыбы?” деген макалалары жарыяланды. А. Токтомушевдин жазганы боюнча, Кыргызстан өзү өстүргөн буудайы жетпей баратканда Казакстандан арзан кызыл сатып алчу. Быйыл Казакстан буудайын башка өлкөлөргө сатууну көздөп жатат. Журналисттин пикиринде, Кыргызстан буудай менен өзүн толук камсыз кылышы күмөн. Анткени айыл чарбасына колдоо көрсөтүлмөк тургай, ири айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө кошмо нарк салыгы салынууда. “Мамлекеттин айыл чарба саясаты өзгөрмөйүн арзан нан көпкө кармалбасын турмуш, мына, тастыктай баштады”, деп жазат А.Токтомушев. Аскар Акаев 2005-жылы президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн экендигине Мамат Сабыров токтолгон. “Азербайжандагы президенттик шайлоо жарым феодалдык Орто Азия өлкөлөрү үчүн өтө жаман прецедент түзүп койду”, дейт макала ээси.

“Электр энергиясын айрыкча чакан ишканалар, ден соолук чыңдоочу борборлор, эс алуу үйлөрү, анан албетте, ар кандай рангадагы чиновниктер уурдап жатат, - деп маалымдады президент А.Акаев Коопсуздук кеңешинин 18-октябрдагы жыйынында. - Керектөөчүлөрдүн электр энергиясына карызы 2 млрд. 550 млн. сомго жетти”. Бул маселе Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланды. Аны шейшембидеги “Эркинтоо”, “Кыргыз туусу”, “Слово Кыргызстана” гезиттеринен окууга болот. Мындан тышкары, бул басылмаларда президент А.Акаевдин жаңы китебине арналган Түркиянын мурдагы президенти менен азыркы өкмөт башчыларынын жылуу пикирлери, “Мээрим” фондунун Таластагы ишмердигине арналган репортаждар жарыяланган.

“Алатоо” мейманканасын оңдоп чыгуу жумуштары создугуп, андан мамлекет гана зыян тартып жатканы шейшембидеги “МСН” гезитинде жазылды. Анда жазылгандарга караганда, мейманкананын имаратын оңдоого бөлүнгөн акчанын кыйласы кайда жумшалганы дайынсыз. Табышмактын сырын чечүүгө кызыккан парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын комиссиясы да чындыкка жете алган жок. Кыргыз өкмөтү Каракече көмүр кенин иштетүүгө кызыкпастыгы, анын ордуна Казакстандан көмүр ташып келүүгө куштар экени парламент депутаты Турдакун Усубалиевдин ушул эле гезитте жарыяланган маегинде баяндалган.

“Бишкектен 15 чакырым алыстыктагы Кант шаарында Орусиянын авиабазасынын ачылышы кыргыз коомчулугун түйшөлткөн жок”, деп жазат орусиялык публицист Сергей Шахназаров шейшембидеги “Республика” гезитинде жарыяланган макаласында. “Кант” авиабазасы, автордун пикиринде - Кыргызстандын 12 жылдык эгемендигинин аякташы. Автордун маалыматына ынансак, президент А.Акаев Москвада саясатчылардын алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын мурунку империялык колониялык саясатын “либералдуу” деп атаган. А.Акаев “Орусиянын колониячылыгы Африкага салыштырмалуу кыйла либералдуу болгон” деп эсептейт. “Колониялык саясаттын жакшысы болбойт”, дейт макаланын автору. Анын жазганына караганда, “Кант” авиабазасынын аскердик учактары 300 чакырымга чейинки аймакты камтыйт. Бул аралыкта Кыргызстанга канатташ Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Ооганстан, Түркмөнстан жайгашкан. “Кыргызстан кимден коргонот?” деп суроо коет Сергей Шахназаров.

Кийинки 4 жыл ичинде Ысыккөлдүн суусу көтөрүлүп баратканын шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити маалымдады. Анда жазылгандарга ынансак, “4 жыл ичинде көлдүн суусу 55 сантиметр жогорулаган. Жыл аягына чейин ал дагы 18 сантиметрге өйдөлөшү мүмкүн. Жер ысып, жаан-чачын арбын болуп, мөңгүлөр эрип кетүүдө. Көл көтөрүлө берсе, жээкке жакын салынган үйлөрдүн шору. Жакынкы жылдары көлдүн суусу көтөрүлөбү же баштагыдай басаңдайбы – муну илимий жагынан иликтөөгө каражат жок”.
XS
SM
MD
LG