Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

В. Путиндин эртеңки иш сапарына байланыштуу Бишкекте коопсуздук чаралары күчөтүлдү


БИШКЕК. Орусиянын президенти Владимир Путиндин эртең Кыргызстанда боло турган иш сапарына байланыштуу кечээтен бери Бишкекте коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун маалыматына караганда, мындай иш-чарага байланыштуу чет элдик өкүлдөр келе турган автожолдор жана алар эс ала турган мейманканалар күчөтүлгөн кайтарууга алынууда. Мындан тышкары, эртең Бишкектин «Кант» аба майданына чейинки автожолдо 200 метр сайын милиция кызматкерлери коюлат. Коопсуздук чараларына жетекчилик кылууга ички иштер министринин биринчи орун басары Абдылда Суранчиев дайындалды. «Азаттыктан» мурда кабарлангандай, орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга эртең бир күндүк иш сапары менен келет.

XS
SM
MD
LG