Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:55

ИНВЕСТИЦИЯ - КЫРГЫЗ ЭКОНОМИКАСЫНЫН БҮГҮНКҮСҮ, ЭРТЕҢКИСИ, ТАГДЫРЫ ЖАНА ИШЕНГЕН ҮМҮТҮ


Бекташ Шамшиев, Кабыл Макеш, Бурулкан Сарыгулова, Бишкек 22-октябрда Бишкекте “Орусия-Кыргызстан” инвестициялык жыйыны башталды. Ага улай Кант шаарында Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин Жамааттык Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн авиабазасынын ачылыш салтанаты өтөт. Орусиялык ишкерлердин катышуусунда өтүп аткан экономикалык жыйында Кыргызстанга инвестиция тартуу маселеси, кызматташтык багыттары тууралуу сөз болууда. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “инвестиция - кыргыз экономикасынын үмүтү, келечеги, болочок тагдыры” деп эсептейт. Кыргызстанга жумшалган түз инвестициянын көлөмү боюнча Орусия Кошмо Штаттардан кийинки экинчи орунга чыкты. “Азаттыктын” “Коом жана турмуш” түрмөгүндө Орусиянын Кыргызстандагы геосаясий кызыкчылыгынын айрым өңүттөрү тууралуу сөз жүрмөкчү.

Бекташ Шамшиев:
- Орусиянын кийинки жылдары Борбор Азияга мээрими артып, аскер базасын жайгаштырып, экономикалык алака-катыштарды жандантуу аракети Бишкектен да ошондой эле колдоо таап, мурунку коммунисттик доордогу “түбөлүк достук” маанайын жаратты. Орусиянын айрым жетекчилеринин айтымында, Борбор Азиядагы абалды жөнөкөй деп айтыш натуура, саясий-экономикалык карама-каршылыктардын, лөк мамлекеттердин геосаясий кызыкчылыгы тогошкон аймактын коопсуздугу өзгөчө маанилүү. Орусиянын президенти Владимир Путин аны апачык эле мындайча туюндурган:

- Орто Азия - биз үчүн өзгөчө маанилүү аймак. Ал жердеги жагдай туруктуу, бирок да жөнөкөй эмес. Биздин ал жерде турушубуз КМШдагы өнөктөштөрүбүзгө деле пайдалуу.

Орусия өзүнүн Борбор Азиядагы геосаясий кызыкчылыгын бул чөлкөмдө Эл аралык антитеррордук коалициянын аскерлери жайгашкан соң эстеп, ортодо өтүп кеткен мүмкүнчүлүктөрдүн эсесин чыгарып, эки багытта аракетин кыйла жандантты. КМШнын Жамааттык Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн аскер-аба күчтөрүн Кант шаарында жайгаштыруунун, ага тушташ “Орусия-Кыргызстан” инвестициялык форумун баштоонун кыскача себеп-жөнү ушундай.

Орусиянын Кыргызстандагы геосаясий кызыкчылыгы жайындагы кепти парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, “Менин өлкөм” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Зайнидин Курманов улантат.

- Орусиянын Орто Азияда кызыкчылыгы бар, - дейт Зайнидин мырза. - Мурда эле бар болчу, азыр да бар. Анын үстүнө Орусия жөн эле держава эмес, ядролук куралдуу мамлекет болуп атпайбы. Мына, тарыхты карагыла, 150 жылдан бери бирге жашап келатабыз, салтыбыз, менталитетибиз, көз карашыбыз жагынан көп окшоштуктарыбыз бар. Албетте, биздин мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы болушу керек. Биз азыр Орусия менен бирдей формула табышыбыз зарыл. Баарынан мурда улуттук кызыкчылыкты алдыга койсок, анда ортодогу мамиле туура болот. Бирок Орусия мурунку империялык дымагын баштаса, аны менен достошуу биз үчүн кыйын. Ким билет, 20 жылдан кийин бийликке келчү жаңы муун Орусияны эмес, АКШны, Түркияны же башка бир мамлекетти жактырышы мүмкүн. Улуттук кызыкчылык баарынан бийик болсо, анда Орусия же башка өлкөлөр менен болгон байланыш туура болот. Азыр биздин жакындашыбыздын себеби - улуттук кызыкчылыктын бирдигинде. Биз жаңы демократия түзүп жаткан мамлекетпиз. Европа өлкөлөрүнүн же башка мамлекеттердин базарына кире албай жатабыз. Орусия өз товарын бизде сата алаарын түшүнүп атат. Экинчи жагынан, биз АКШны же башка мамлекеттерди экономикалык жагынан кызыктыра албайбыз, ашып-ташып аткан байлыгыбыз жок. Экономикалык жагынан биз 3 мамлекетке гана кызыкпыз: Орусия, Казакстан, Кытай. Саясий, аскердик, экономикалык жагынан бирдиктүү мейкиндик түзүү аракетиндебиз. Көбүнчө инвестиция Орусиядан келип атат. Өзүң деле түшүнөсүң, бул жерге келсе электр энергиясы, жумушчу күчү арзан, пайда табуу мүмкүнчүлүгү чоң. Ошон үчүн келип атышат. Орусияда азыр бийликте экономикалык элита, прагматик адамдар отурушат. Дагы бир себеп - Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө. Бул жерде жасалган товарлардын дүйнөлүк базарга түз чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

Канттагы аскер-аба майданын ачуунун даярдыгы кандай жүрүп жатканын 9-октябрда көргөнү келген Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн колбашчысы Владимир Михайлов:

- Жалпысынан база аскердик учактарды кабыл алып, аларды кайра учурууга даяр. Мында эч кандай күмөн жок. А бирок аба майданынын бардык параметрлер боюнча даярдыгын иштин жүрүшүндө көрөбүз, - деп маалымдаган. Канттагы авиабаза Орусиянын Урал чөлкөмүндөгү аскерлеринин курамына кирээри, аскердик базаны каржылоого Орусия өз бюджетинен 290 млн. рубль акча бөлгөнү кийинчерээк ачыкка чыкты.

Орусия менен Кыргызстандын саясий-экономикалык жакындашуусу тууралуу айрым атуулдар кандай пикирде экендигине кесиптешим Кабыл Макеш кызыккан.

Кабыл Макеш:
- Орусия менен Кыргызстандын саясий, аскердик жана экономикалык байланыштары тууралуу ар кыл кесип ээлеринин пикирлерин сурадык. «Аалам» гезитинин башкы редакторунун орун басары Элнура Кулуева мындай деди:

- Владимир Путиндин бийликке келиши менен кыргыз-орус кызматташтыгында жаңы багытка бурулуш боло баштады. Канттагы Орусиянын аскердик авиабазасынын ачылышы Кыргызстандын экономикасына дагы үлүш кошмокчу. Бул база Совет доорунда курулганы менен, 10 жылдан бери иштебей турган. Базаны реконструкциялаш үчүн биздин казынада каражат жок болгондуктан, Орусия тарап 290 млн. рубль каражат бөлүп жатат. Кыргызстандык атуулдар дагы иш менен камсыз болмокчу. Бул коопсуздуктун сакталышына да кепил болот деп ишенем.

Белгилүү дарыгер, тиш догдур Нуралы Базарбаевдин пикири:

- Кыргызстан менен Орусиянын байланышынын тамыры тереңде. Алакандай эл болсок дагы, Орусия мурдагы сиңирген эмгекти баалап, Кантка аскердик базасын ачып жатканы жакшы жөрөлгө. Бул биздин өлкөнүн тынчтыгына салым кошот деп ойлойм. Өзүбүз иштете албай турган завод-фабрикаларды орусиялык ишкерлердин жардамы менен иштетип алсак, жумушсуз жүргөн атуулдарыбыз иш менен камсыз болот эле. Жашообуз оңолуп, элге жакшы болмок.

Белгилүү обончу Майрамбек Осмоновдун дагы пикирин угуп көрсөк:

- Бир жигит мындай дейт: «Атам каза болгон соң, агаларым болсо да жалгыздыгымды, жардам берээр адамым жоктугун сезип, башка кишилерди сыйлаганды, урматтаганды үйрөндүм. Адамдын кадырын биле баштадым». Анын сыңары, эсил кайран СССР кыйраганы, эгемендүү болгонубуз менен кыргыздар далай нерсени жоготтук. Орустар менен илгертен берки байланыштарыбыз болгон, ошону үзбөй дагы жаңы өңүттө тереңдетишибиз керек. Биздей кичине элди кул кылып, басып алууга ниет кылгандарга айбат кылып, Кантка аскердик база ачканы үчүн орустарга ыраазы болуу зарыл. Орустар болсо мыйзам да сакталып, тартип болот. Жалаң кыргыздар калсак, 2 күндө бир мыйзам кабыл алып, башаламандык болмок.

«МСН» гезитинин баяндамачысы Геннадий Кузьмин «Кыргызстан-Орусия» инвестициялык форуму жөнүндө өз пикирин мындайча билдирди:

- Кандай мүчүлүш болоорун айтсам, мындай саммиттердин чечимдери аткарылбай, сөз жүзүндө гана кала бергени адатка айланууда. Кооз сөздөр айтылып, кумга сиңген суудай жок болбой, экономикабызга пайдасы тийсе дурус болмок. Бул саммит биздин өлкөдөгү 1-2 ишкананын, заводдун бутуна турушуна таасирин тийгизсе, анда башка кеп. Убакыт өткөн сайын мындай саммиттердин дагы далайын өткөргөнүбүз менен, пайдасы болооруна күмөнүм бар. Экономикалык интеграция болбой жаткандыгы өкүндүрөт.

Кыргызстандагы атуулдарынын пикирлерине караганда, орус-кыргыз кызматташтыгынын келечегине ишеним зор. Алар «Канттагы Орусиянын аскердик авиабазасынын жайгашуусу өлкөнүн тынчтыгына кепил болот» деген пикирде. Бекташ мырза, кеп кезеги өзүңүздө.

Бекташ Шамшиев:
- Ырахмат, Кабыл. Кыргызстандагы эки аскердик базанын жайгашуусу, анын себеп-жөнү тууралуу сөздү кесиптешим Бурулкан Турдубек кызы улантат.

Бурулкан Сарыгулова:
- Айрыкча экономикалык кызыкчылыктарга басым жасаган талдоочулар П.Ганси атындагы аскердик авиабаза сыяктуу эле, “Кант” авиабазасынын жайгашуусу Кыргызстан үчүн пайдалуу болоорун белгилеп жүрүшөт. Президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков:

- Кантка Орусия Федерациясынын аскердик базасын жайгаштыруу жөнүндөгү чечимди биз колдойбуз, - деп билдирген.

Бирок кандай болгон учурда да бул аскердик базалар Кыргызстандын кызыкчылыгындагы эмес, ириде дүйнөлүк саясаттагы эки негизги «оюнчунун» - АКШ менен Орусиянын кызыкчылыгындагы иш экенине дүйнөлүк маалымат каражаттары айрыкча көңүл буруп келишет. Маселен, Орусия буга чейин Борбор Азия менен Кавказда азайып кеткен таасирин кайра калыбына келтирүүгө аракет кылууда. Анткени 2001-жылдын 11-сентябрындагы террактыдан кийин АКШ баштаган коалиция Борбор Азияда өз таасирин күчөттү.

Бирок мындай көз караштарга жооп катары Орусиянын, Кыргызстандын жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун жетекчилери бардык башка кызыкчылыктан региондун коопсуздугу жогору тураарын байма-бай билдирип келатышат. Өткөн жылдын этегинде “Кант” аскердик авиабазасын жайгаштыруу боюнча алгачкы сынак учурунда Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Бишкекте жүргөндө, кеп Эл аралык антитеррордук коалициянын аракети менен тынчып турган Ооганстанда эле эмес экендигин кыйыткан.

- Келечекте Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн алкагында аскердик топтун бул жерде жайгашуусу биздин жана биздин элдердин ишенимдүү жашашын шарттайт. Бул жерде баары тынч болот. Биз бардык кокустуктардын мизин кайтарууга даярбыз, - деп билдирген Орусиянын коргоо министри.

Кыргызстандын жетекчилиги эки базанын кызыкчылыктары бири-бирине кайчы келбестигин айтышат.

- «Манас» аба майданындагы Эл аралык антитеррордук коалициянын аскер күчтөрү Ооганстандагы «Майтарылбас эркиндик» операциясын колдоо максатында түзүлгөн. Башкача айтканда, анын милдеттери бир жыл мурда кабыл алынган макулдашууда так аныкталган. Ал эми Кант боюнча болсо жаңы кадам жасалды. В. Путин өзү белгилегендей, бул үчүнчү өлкөгө багытталган эмес. Анын «Ганси» базасынан айырмасы - Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздоо максатында узак мөөнөткө жайгашат, - дейт Аскар Айтматов.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева жакында өткөн маалымат жыйынында «Кант» аба майданына жеке Орусиянын эмес, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун компоненти жайгашаарын журналисттердин эсине салды.

Бекташ Шамшиев:
- Ырахмат, Бурулкан. Эми жанатан бери айтылган кеп-сөздү жыйынтыктасак. Орус-кыргыз экономикалык кызматташтыгы кийинки эки жылда өзгөчө оожалды. Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагиндин айтымында, былтыр эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуунун көлөмү бир жарым эсе өстү. Экономикалык форумда мына ушул дурус дегидей башталган кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору тууралуу кеп болууда. Кыргыз өкмөтү орусиялык ишкерлердин бул жердеги гидроэнергетикага, тоо-кен өнөр жайына, айыл чарбасын кайра иштетүүгө, кызмат көрсөтүүгө, туризмге инвестиция алып келишине ынтызар. Бул тармактарга өкмөт өзгөчө чоң үмүт артууда. Бекеринен вице-премьр-министр Жоомарт Оторбаев “инвестиция - кыргыз экономикасынын ишенген үмүтү, эртеңки тагдыры” деп отуруптурбу. Кыргызстан өзгөчө үмүт арткан айыл чарбасы жалпы өндүрүштүн 36% түзүп, анын экспорттогу үлүшү 10% тегерегинде экени эле көп нерсени апачык көрсөтүп турбайбы. Өлкө сыртка товар ташып чыгарып, элдин турмуш деңгээлин көтөрүү милдетин алдына койгон. Ал үчүн инвестиция керек. Бул жагынан сырдакана Орусия Кыргызстандын ишенимдүү өнөгү боло алат.
XS
SM
MD
LG