Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Европа парламенти Түркмөнстан жана Борбор Азия боюнча атайын резолюция кабыл алды


Анда Европарламент Кыргызстандын өкмөтүнө кайрылып, кыргыз оппозициясынын лидери Феликс Куловду түрмөдөн токтоосуз бошотууга үндөгөн. Айрыкча Түркмөнстанда соңку бир жыл ичинде камакка алынган саясатчылардын тагдырына терең тынчсызданган Европарламент түркмөн бийликтерин эл аралык мыйзамдарды урматтап, түрмөдөгү кыйноо, уруп-сабоону токтотуп, укук коргоо уюмдары "абийир туткундары" деп атаган адамдарды эркиндикке чыгарууга үндөгөн. Ошондой эле казак бийликтерин саясий туткун Галымжан Жакияновду, Өзбекстандын өкмөтүн оппозициячыл активист Мухаммад Бекжановду азаттыкка чыгарууга чакырган. Европарламенттин мүчөлөрү Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө жана анын алкагындагы эл аралык уюмдарга кайрылып, Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштардын жалпы стратегиясын иштеп чыгып, алардын натыйжалуулугун арттыруу зарыл деп басым жасашкан.

XS
SM
MD
LG