Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Иракка ким кандай жардам көрсөтөөрү жарыялана элек


Мадридде өтүп жаткан донорлордун конференциясында бүгүн айрым мамлекеттер Иракка көрсөтчү жардамынын көлөмүн жарыя кылаары күтүлүүдө. Дүйнөлүк банк Иракты калыбына келтирүүгө алдыдагы төрт жыл ичинде 36 млрд доллар талап кылынат деп билдирген. АКШ Иракты кайра курууга 20 млрд доллар бөлүштүрөөрүн жар салган. Жыйынды ачкан сөзүндө Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ирактын келечеги үчүн ортодогу талаштарды токтотуп, согуштан жапа чеккен элге жардам көрсөтүүгө чакырды. Бейшембиде кечинде Мадридде 2000ден ашуун адам жөө жүрүшкө чыгып, Ирактын көйгөйлөрү, ага көрсөтүлчү жардам акыры эл аралык компанияларга гана пайда алып келет деп нааразылык билдиришти.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG