Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

КЫРГЫЗСТАН ЭМИ “БАЙКЕГЕ” МУКТАЖ ЭМЕС; МУСУЛМАН ӨЛКӨЛӨРДҮН КООМУ БОЛСО – РЕФОРМАНЫ ТАЛАП КЫЛАТ


Аким Өзгөн (Hakim Ozgen), Измир, Түркия Ушул аптада түркиялык басма сөздө премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын Орто Азия саякаты негизги талкууну жаратып, мусулман дүйнөсүндөгү жашоо-турмушта реформа жүргүзүү зарылчылыгы маселеси да кең-кесири чагылдырылды.

Түркиянын өкмөт башчысы Эрдоган ушул жумада Кыргызстан менен Тажикстанга алгачкы расмий сапары менен барып, өлкөсүнүн тышкы саясатында кийинки жылдарда кол тийбей келаткан Орто Азия жумуруяттарынын көңүлүн алууга аракеттенди. Түркиялык басма сөздө Эрдогандын сапарынын Кыргызстан бөлүмүнө өзгөчө кеңири орун берилип, окурмандарга Кыргызстандын тарыхы, экономикасы жана коомдук турмушу тууралуу күн сайын маалымат берилип турду. Мисалга алганда, “Түркия” (Türkiye) гезити “Орто Азияга Кайтып Баруу” деген баштык астында жарыялаган макаласында, Эрдогандын Манас аба майданында кыргыз кесиптеши Николай Танаев тарабынан тосулуп алынуусунан тарта, Кыргызстандан Тажикстанга жөнөп кетээрине чейинки бардык иш-аракетин чагылдырып олтуруп, эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын деңгээлин жогорулатуу, алдыбыздагы жылы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн азыркы таптагы 40 млн доллардан - 200 млн долларга чейин көтөрүү боюнча жетишилген макулдашууларга окурмандардын көңүлүн бурган. “Түркийа” гезитинин макаласында, айрыкча алганда: “Маркум Тургут Өзалдын өлүмүнөн кийинки өткөн узун жылдардан кийин бул саякат аркылуу Түркия Орто Азиядагы ‘кызыкчылыктарын’ кайрадан оңдоп чыгууну пландап жатат”, - деген “Ассошиейтед пресс” агенттигинин комментарийине шилтеме берилген (Türkiye 21.10.2003).

“Йени Шафак” (Yeni Şafak) гезити болсо, “Орто Азияга Агалык Кылуу Кыялынан Ойгонуу” деген макаласы аркылуу, премьер-министр Эрдогандын Орто Азийа саякатына башка бир терезеден талдоо жүргүзгөн. “Кыргызстан, 1 млрд доллардык тышкы соодасы, 1.7 млрд доллардык тышкы карызы менен экономикасын Европадагы орточо өлчөмдөгү бир фирма менен гана теңөөгө боло турган чакан бир жумуруят; ошондуктан анын тышкы саясатта ири рол ойношун күтүш кыйын. Бирок, өз күчү менен эч качан таба албай турган бир аймактык ролду супер күчтөр, ишенүүгө болбой турган бир жоомарттык менен Кыргызстанга тартуулап жатат. Бир четинен, АКШ, экинчи жактан - Орусия жана Шаңхай бештиги — атуулдары бай болбосо дагы, Кыргызстанды стратегиялык мааниси зор бир өлкөгө айлантырып олтурат”, — деп жазылат “Йени Шафактын” макаласында.

“Бул өлкө асмандан издесе табыла албай турган бир эл аралык байланыштар лабороториясы… Кыргызстан, жалпы сүрөткө тээ алыстагы Түркиядан көз чаптыра коюп, ‘Орто Азийада Сөз Ээси Болуубуз Керек’ дегендер үчүн бул географиялык чөлкөмдө таасирдүү болуштун кыйындыгын жана машакатын даңазалаган айкын бир өрнөк боло алат. Бул айкын өрнөк, бул географиялык аймакта эч бир өлкө; жөн эле бир туугандык, маданий же диний байланышы болгондугу себептүү эле Түркия каалаган ротанын алкагына кирбей тургандыгын ачык түрдө көргөзүп олтурат. Бул - мүмкүн эмес”. (Yeni Şafak 21.10.2003)


Түркиянын Президенти Ахмет Неждет Сезер менен тышкы иштер министри Абдулла Гүлдүн Малайзияда Ислам Конференциясы Уюмунда (ИКУ) Ислам ааламында жаңыча түшүнүүчүлүк жана реформа тууралуу айткан сөздөрүнүн жаңырыктары ушул аптадагы басма сөздө кызуу талкуу жаратты.

“Миллийет” (Milliyet) гезитинде жарыяланган макаласында саясий комментатор Сами Кохен, президент Ахмет Н. Сезер ИКУнун Малайзия саммитинде: “Ислам ааламы бүгүнкү күндө өзүнүн опурталдуу баскычында турат; -- же түпкү тамырынан бери реформаларды киргизип, мусулман дүйнөсүнүн мүдөөсүн жогорку баскычтарга көтөрүү, же болбосо, азыркы артта калуучулуктун чидеринде кала берүү” деген ача жолдо турат”, - деп айткан сөздөрүн окурмандардын эсине салат да, тышкы иштер министри Абдулла Гүлдүн ошондо айткандары басма сөздүн көз жаздымында калганына бушаймандык билдирет.

Абдулла Гүл Малайзиядагы баянында май айында ИКУнун тышкы иштер министрлеринин Тегерандагы жыйынында айткан сөздөрүн дагы бир жолу өзү тастыктап, Ислам менен замандашуу, демек, модернизация - бири-бирине карама-каршы түшүнүктөр эмес экендигин; Ислам маданияты жана үрп-адаттары үстөмдүк кылган коомчулуктарда, саясий, экономикалык жана социалдык өнүгүү мүмкүн экенин “Түрк тажрыйбасы” даана көргөзүп олтурат деп билдирди”, - деп улантат макаласын Сами Кохен. – “Мусулман коомчулуктар демократия, теңчилик жана социалдык укуктар жаатында бийик стандарттарга жете албады; бирок, Абдулла Гүл тартынбай ортого таштагандай — бул кыйынчылыктарды жеңүү жана ислам ааламын өнүккөн мааданияттардын деңгээлине жеткриүү боюнча өзгөчө жаш муундардын арасында улам күчөп бараткан умутулуу-талап бар. Түркияда рухий бардыгерликтерге басым жасаган бир партиянын башкаруусундагы өкмөт (“Адилет жана өнүгүү партийасы”. – Аким Өзгөн.) либералдуу саясатчыларды деле таң калтырган мүнөздөгү реформаларды чынга чыгарып жатат. Түркияда бүгүн ар бир нерсенин телегейи текши жүрбөй жаткан болсо дагы, жаңыланып-алмашууну ишке ашыруу багытында динамикалык бир жараяндын чыйыры салынды”.

Сами Кохен андан ары макаласында жалпы Ислам дүйнөсүнө өкүлчүлүк кылган ИКУну мезгилдин талаптарына шайкеш кайрадан куруунун зарылчылдыгы айкын сезилип турат, бирок саммиттен чыккан натыйжа, тилекке каршы, бул мааниде эч кандай үмүт бергидей эмес, - деген сын пикирин баса көрсөтөт. (Milliyet 22.10.2003)
XS
SM
MD
LG