Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

АКШ Иракта антиамерикалык кол салуулар узак жана ургалдуу болот деп күткөн эмес


АКШнын жетекчилиги Иракта антиамерикалык кол салуулар узак жана азыркыдай ургалдуу мүнөзгө ээ болот деп күтпөгөнүн Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл моюнга алды. Пауэлл бул тууралуу Эн-Би-Си телеканалына берген маегинде, Ирактын башкалаасы Багдаддагы "Рашид" мейманканасы кечээ эртең менен ракеталык чабуулга кабылган соң айтты. Андан кеминде америкалык бир жоокер мерт болуп, 15тей адам жаракат алган. АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Вулфовиц ракета атылган учурда мейманкананын ичинде эле, ал жабыр тарткан жок. Пол Вулфовицтин кабарчыларга билдиргенине караганда, жогорудагыдай чабуулдар АКШ Ирактагы вазийпасын улантуусуна тоскоол кыла албайт. Ал эми кечээ кечинде АКШ баштаган коалициянын Багдаддагы кеңселерине жакын жерде дагы эки жарылуу болду.

XS
SM
MD
LG