Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:04

ШКУнун курамындагы өлкөлөрдүн улуттук координаторлору Ташкенде чогулушту


БИШКЕК. Бүгүн Ташкенде Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген мамлекеттердин улуттук координаторлорунун жыйыны башталды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, ага Кыргызстандын бул уюмдагы улуттук координатору, тышкы иштер министринин орун басары Асанбек Осмоналиев катышууда. Маалыматка караганда, жыйында ШКУнун регионалдык антитеррордук борборунун алгачкы отурумун өткөрүү, ар бир мамлекеттен уюмдун катчылыгында жана регионалдык антитеррордук борборунда иштей турган адамдардын санын тактоо маселелери каралат. Орусиянын РИА «Новости» агенттигинин кабарына караганда, бүрсүгүнү жыйынтыктоочу документтерге кол коюлат.

XS
SM
MD
LG