Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Бүгүн башкалаада терроризмге каршы күрөш тууралуу семинар болду


Бүгүн башкалаада терроризмге каршы күрөш тууралуу семинар болду

БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги № 69-мектепте «Терроризм жана ислам» деген темада семинар болду. «Медиа-Ордо» борбору уюштурган семинарга Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу, муфтий Муратаалы ажы Жуманов жана мектеп окуучулары катышты. Бейөкмөт уюмдун программа боюнча координатору Элмира Токтосунованын айтымында, семинар «Жаңы муун терроризмге каршы» деген долбоордун алкагында өткөрүлдү. Ага мектеп окуучулары үчүн өткөрүлгөн «тегерек үстөл» талкууларында окуучуларда «эл аралык терроризмге ислам дининин түздөн-түз тиешеси бар» деген түшүнүктүн бекемдиги түрткү болду. Акыйкатчы Т.Бакир уулу менен муфтий Муратаалы ажы окуучуларга терроризмдин себептери тууралуу айтып беришти.

XS
SM
MD
LG