Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Кытай делегациясы Түндүк Кореяга келди


Бүгүн Кытай өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлү Түндүк Кореяга келди. Парламенттин төрагасы жана Кытай коммунисттер партиясынын экинчи кишиси Ву Банггуо жетектеген делегация үч күндүк сапары маалында Түндүк Кореянын лидерлери менен жолугушат. Бул визит Пхеньяндын өзөктүк программасына байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандантуу максатын көздөйт деп айтылууда.
Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Юн Янг Хван кечээ Кытай менен Түндүк Корея ортосундагы жолугушуу алты мамлекеттин катышуусу менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасынын жыл аягына чейин жанданышына алып келиши мүмкүн деп билдирди. Эки Корея, Кытай, Россия, Жапония жана АКШ август айында Пхеньяндын өзөктүк долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган эле. Бирок анын экинчи айлампасынын мөөнөтү такталган эмес.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Айнура Жекше кызы, Прага

XS
SM
MD
LG