Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Феликс Кулов Европарламентке кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. «Европа парламенти мени саясий туткун катары таанып, Кыргызстандын жетекчилигинен түрмөдөн бошотууну талап кылышы - Европа коомчулугу Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын маңызын даана түшүнө турганына далил боло алат. Тилекке каршы, соңку жылдары кыргыз бийлигинин ички саясаты өлкөдөгү атуулдук коомдун активдүүлүгүн жана бийликке каршы ачык сын айткандарды куугунтуктоого багытталууда». «Арнамыс» партиясынын азыр абакта жаткан төрагасы Феликс Кулов бүгүн Европарламентке ушундай мазмундагы кайрылуу жолдоду. Ѳз катында Ф. Кулов Андрей Сахаров атындагы эл аралык сыйлыкты БУУнун Иракта каза болгон кызматкерлерине ыйгаруу боюнча Европарламенттин чечимин колдой тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG