Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Ирактагы абал улам коркунучтуу багытта өнүгүп баратат


Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарынын алдында бүгүн бомба жарылып, эки америкалык аскер курман болду жана дагы эки солдат жараат алды. Коопсуздук камсыз кылуу менен байланыштуу, Бириккен Улуттар Уюмунун кыркка жакын кызматкери Багдаддан Арбил шаарына көчүрүлдү, калгандары болсо Кипр аралына жөнөтүлдү. Бириккен Улуттардын долбоорлорун азыр Иракта төрт миңге жакын жергиликтүү кызматкер аткарууда. Багдад шаарындагы коомдук турмуш дээрлик толугу менен токтоду, анткени эл арасында тараган маалыматтар боюнча, 1-2-ноябрда америкалыктарга каршы аракеттер көрүлөт жана үч күндүк жалпы иш таштоо уюштурулат. "Ассошиейтед пресс" агенттигинин кабарлашы боюнча болсо, өлкө түндүгүндөгү Тикрит шаарынын алдында мунай куурунда өрт чыкты.

XS
SM
MD
LG