Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Россиянын президенти италиялык журналисттерге интервью берди


МОСКВА. Бүгүн италиялык журналсттерге берген интервьюсунда Россиянын президенти Владимир Путин кайсы болбосун өлкөгө каршы күч колдонуу Улуттар Уюмунун макулдугу менен ишке ашырылууга тийиш экенин, бирок башка өлкөлөр бул укуктан уюмдун макулдугу жок эле пайдаланып жатышкан соң, өзүн коргоо максатында Россия андай укугун сактап кала турганын билдирди. Путин, ошондой эле, маалымат каражаттарынын толук эркин болуусу үчүн Россияда али шарт түзүлө электигин, бирок сөз эркиндиги кимге болбосун кепилденгенин белгиледи. “ЮКОСтун” айланасында болуп жаткан окуяларга байланыштуу пайда болгон кооптонууларды жайкаганга аракеттен президент менчиктештирүү жараяны кайра каралбайт деп ишендирди журналистерди:
- Мен менчиктештирүүнүн жыйынктарын кайра карап чыгууга караманча каршымын. Андай ревизия экономика жана социалдык тармак үчүн өтө олуттуу натыйжаларга алып келет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG