Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Бишкекте миналарга тыюу салуу маселеси талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги Үйүндө миналарга тыюу салуу боюнча эл аралык конференция өттү. Анда Борбор Азия жана КМШ аймагында миналарды пайдаланууга, өндүрүүгө тыюу салуу маселеси талкууланды. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин бул конференцияда сөз сүйлөгөн өкүлү өлкө Миналарга тыюу салуу боюнча Оттава конвенциясына кошулууга даяр эмес экенин билдирди. Кыргызстандын атуулдары акыркы кезде кыргыз-өзбек чегарасына коюлган миналардан жабыркоодо. 2000-жылдан бери минадан 5 кыргыз атуулу курман болуп, материалдык чыгымдын көлөмү 5 млн. сомдон ашуун сумманы түздү. Бишкектеги конференция «Дүйнө дарыгерлери ядролук согушка каршы» аттуу эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

XS
SM
MD
LG