Азербайжандын президенти болуп шайланган Илхам Алиев кечээ күнү кээ бир өкмөт мүчөлөрүн дайындады. Коргоо министри Сафар Аббиев, ички иштер министри Рамил Усубов жана улуттук коопсуздук министри Намик Аббасов орундарында калышты. 4-ноябрда болсо Алиев - атасы Гейдар Алиевдин учурунда премьер болгон Артур Расизадени да кайрадан өкмөт башчысы кылып дайындаган.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага