Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:09

АЛГАЧКЫ МУУНДАГЫ КЫРГЫЗ ДЕМОКРАТТАРЫ, КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН ТАРЫХЫ, ОРУСИЯНЫН КАВКАЗ МЕНЕН ОРТО АЗИЯДАГЫ «ЛИБЕРАЛДУУ ИМПЕРИЯ» САЯСАТЫ


Кыргыз өнөр жайы аз-аздан орусиялык ишкерлердин колуна өтүүдө. Орусиялык саясий ишмерлер Кавказ менен Орто Азияда “либерал империя” идеясын айтууга өтүштү. Бишкекте Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган чыгыш таануучулардын эл аралык илимий конгресси болду. Жыйында кыргыз элинин байыркы тарыхы, азыркы абалы, болочок багыты тууралуу кеп жүрдү. Алгачкы кыргыз саясий элитасы өткөн кылымдын 20-жылдарында Кыргызстанда чыныгы демократия орношун жакташкан.

Орусиялык саясий ишмерлер Кавказ менен Орто Азияга «либерал империя» идеясын жайылтуу зарылдыгын айта башташканын бейшембидеги “Общественный рейтинг” гезити электрондук маалымат каражаттарынан көчүрүп жарыя кылды. Орусиялык ишкер саясатчы Анатолий Чубайс “постсоветтик республикаларда Орусия либералдуу империализм идеясын жайылтып, өзү ошол либерал империянын башында турушу керек” деп эсептейт. “КМШнын кыйырын саясий-экономикалык жагынан ээлеп алмайын Орусия өзүнүн аймактык бүтүндүгүн сактап калышы кыйын” дейт ал. Чубайстын пикиринде, мурунку союздук республикаларга либерал империяны жайылтууга Орусиянын толук акысы бар.

Бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган чыгыш таануучулардын эл аралык илимий конгрессине арналган материалдар топтомун жарыялады. Жыйында чыгып сүйлөгөндөрдүн дээрлик баары байыркы кыргыз тарыхына кайрылып, эгемендикке жетишкен улуттун өзүн-өзү таануусу ыкчам жүрүп жатканын, тарыхый иликтөө-изилдөөлөр арбып баратканын белгилешти. Биздин эрага чейинки көчмөндөрдүн цивилизациясы, алгачкы социалдык-саясий түзүмдөрдүн чыгышы С.Кляшторныйдын “Көчмөн саясий генезис этаптары” аттуу илимий билдирүүсүндө чагылдырылган. Гезитте жазылгандарга караганда, Азиядагы эң байыркы калк катары кыргыздар мамлекеттүүлүк идеясын кыйла кылымдар бою көкүрөгүндө сактап келди. Мамлекеттүүлүк, ич ара биримдик аны тарыхтын буйга жолдорунда чачылтпай, жок кылбай алып келди. Улуттук өз алдынчалыкка жетишүү идеясын ХХ кылымдын башында кыргыз интеллигенциясынын алгачкы мууну көтөрүп чыккан.

Кыргызстан эгемен өлкө катары Орусия Федерациясынын курамында теңата жашоого акылуу экенин ХХ кылымдын башында алгачкы муундагы интеллигенция өкүлдөрү айтышып, ал үчүн репрессия капшабына кабылышканын бейшембидеги “Лица” гезитинде парламент депутаты, илимпоз-тарыхчы Зайнидин Курманов баяндаган. “Саясатчылар тарыхты начар билишет. Буга мен кыйладан бери ынанып келатам, - дейт Зайнидин мырза. - Саясатчы зирек, акылдуу киши болушу керек. Ал ойлонуп, негиздүү чечим кабыл алышы зарыл. Андайлар өтө эле аз. Абдан саясатташкан биздин коомдо «баары эле саясатчы боло алат» деген пикир түзүлүп калды”.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы электр акысын төлөбөгөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тарта баштаганын бейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити маалымдады.

7-ноябрда жарыкка чыгуучу “Агым” гезитинде жарыяланчу материалдар тууралуу басылманын башкы редакторунун орун басары Аскер Сакыбаева айтып берди:

- Гезиттин жаңы санында Массалык маалымат каражаттарынын күнүнө карата материалдар арбын. Журналисттердин окурмандарга белгисиз жөн-жай турмушу жөнүндө, “Азаттык” радиосунун 50 жылдыгына арналган макалалар жарыяланууда. Ош облусунун губернатору Накен Касиевдин интервьюсу гезитибизде жарык көрүүдө. Булардан тышкары, Алым Токтомушевдин “Жолбүгүнү” басууга даярдалууда. Анда азыркы саясий жагдай тууралуу кеп болот. Мамат Сабыров оппозиция жөнүндө, ага кимдер кошулуп атканы тууралуу ой жүгүртөт.

“Аалам” гезитинин жаңы саны жөнүндө басылманын башкы редакторунун орун басары Семетей Талас уулу маалымдады:

- “Ааламдын” бул саны Массалык маалымат каражаттарынын күнүнө арналды. Республикадагы коомдук-саясий абалга арналган материалдар да бир топ. Атбашыдагы той, Казыбек казалчынын 100, Ажыбек баатырдын 200 жылдыгына арналган маараке тууралуу очерк жарыяланууда. Бишкектин Панфилов менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жерде чыккан эстелик талаш тууралуу макала да басууга даярдалууда.
XS
SM
MD
LG