Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

П.ГАНСИ АТЫНДАГЫ АВИАБАЗАНЫН КООПСУЗДУГУ КОРКУНУЧТАБЫ?


4-ноябрда Бишкекте Эл аралык антитеррордук коалициянын авиабазасын жардырууну көздөгөн үч атуул кармалды. Аларды колго түшүргөн Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) маалыматына караганда, алар Ооганстан менен Пакистандын атайын лагерлеринен даярдыктан өтүп келишкен. Бул окуя антитеррордук коалициянын коопсуздугуна коркунуч келтирчү окуя катары кабылданган менен, коомчулукта карама-каршы пикир жаратууда.

Жардыруу даярдалганы тууралуу алгач кабарлаган «Кыргызинфо» агенттигинин маалыматына караганда, «Ганси» авиабазасын жардыруунун көздөгөн үч адам - Талас облусунун тургундары. Алар Кыргызстанда жашыруун аракеттенген «Хизб ут-Тахрир» диний уюмунун мүчөлөрү болушкан жана Ооганстан менен Пакистандын атайын лагеринен даярдыктан өтүп, Кыргызстанга антитеррордук күчтөрдүн авиабазасын жардыруу тапшырмасы менен кайтып келишкен. Алар Бишкектен бир үйдү батирге алып, машина, мобиль телефондорду сатып алышып, кошуналарына сыр бербей даярдык көрүшкөн. УККнын тергөө башкармалыгынын өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, алар терракт болоору анык болуп калган кезде колго түшүрүлгөн жана Алар турган үйдөн Калашников автоматына колдонулуучу октор, кундактар, граната жана жардыргыч затка кошулуучу алюминий күкүмү табылган. Андан тышкары, жардыргычтарды кантип жасап, кантип колдонуу керектигин үйрөткөн чийме болгон. УКК адистеринин баамында, алар бардык курал-жарактарды жана жардыргычтарды колдонгонду абдан жакшы билишет. Анан калса жардыргыч күчтүү болуш үчүн кайсы затка башка кандай заттарды кошушту да мыкты билишет экен. Ушундан улам атайын кызмат өкүлдөрү «алар мыкты даярдыктан өтүшкөн» деген бүтүмгө келип жатышат.

«Кыргызинфо» агенттигинин кабары боюнча, кармалгандар азыр УККнын тергөө абагында жатышат жана Куран китебин талбай окуп, «Алла-Таала америкалыктарга каршы согуш ачууну талап кылгандыгын» айтышууда. Аларды бир сыйра иликтөөдөн өткөргөн психологдор кармалгандар динге катуу берилип, андан кайтпай тургандай абалга жеткендигин тастыкташкан.

Улуттук коопсуздук кызматы азыр тергөө жүрүп жаткандыктан, окуя такталмайынча кеңири маалымат берилбесин билдирди. Ал эми «Ганси» авиабазасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Брюс Видаль билдирүү таратып, базанын коопсуздугу үчүн кам көргөн кыргыз өкмөтүнө ыраазылыгын мындайча билдирди:

- Авиабазанын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн коопсуздук маселесине байланышкан маалыматтарды кеңири бере албайбыз. Ошол эле учурда авиабазанын коопсуздугу үчүн кам көрүп жаткан кыргыз өкмөтүнүн камкордугуна ыраазылыгыбызды билдиребиз.

Ал эми коомдо бул окуя карама-каршы пикирди жаратты. Айрымдар «терракт антитеррордук коалиция менен Орусиянын авиабазасынын Кыргызстанда турушуна каршы күчтөр тарабынан даярдалышы мүмкүн» дешти. Башкалары «бул ислам динин жек көрсөтүүгө далбас урган күчтөрдүн аракети» деген пикирде. Алардын бири, Бишкек мусулмандарынын казысы Абдыманап кары ал тууралуу мындай дейт:

- Булардан артында мусулманчылыкты, ислам динин жаман көрсөтүүнү каалаган күчтөр турат. Булар бирөөнүн буйруктун аткарып жүргөн адамдар десек болот. Акча алган адам ар кандай ишке барат. Ошондуктан булардан бардык нерсени күтсө болот. Булардан максаты - халифат куруу же мусулманчылыкты өнүктүрүү эмес, мусулманчылыкты кандай өлкөгө болбосун жаман көрсөтүп, ошол жерде мамлекет менен ислам динин туткандардын ортосундагы мамилени бузуу.

Мындан тышкары, террактынын даярдалганынан күмөн санагандар да жок эмес. Андай пикир ээлеринин бири, мыйзамчы депутат Алишер Абдымомуновдун ою боюнча, кыргыз бийлигинин бир чети элди чочутуп, бир чети антитеррордук коалициянын көңүлүн буруу аракети болушу мүмкүн. Ал тууралуу Алишер Абдимомунов мындай дейт:

- Мен биринчиден, кармалгандарды телевизордон же башка жерден көрө элекмин. Ушунун өзү күмөн ойду жаратат. Биздин саясий жетекчиликке карама-каршы турган бир саясий күчтү ойлоп табыш керек болуп жатат. «Ошондой саясий күч «Хизб ут-Тахрир»» деп, болгон да, болбогон да бир топ божомолдорду ушул партиянын аракеттери катары жабыштырып жазып жүрүшөт. «Кытайларды ким өлтүрдү?» десе деле «террористтер», «Базарды ким жарды?» десе деле «террористтер» дешет. Ага сөзсүз түрдө Ооганстанды жана терроризмге байланышкан башка өлкөлөрдү кошуп коюшат. Азыр деле чындап кармаган болсо тергөөгө байланышкан жашыруун сырын айтпай, «мына бул жигиттер кармалды, эми тергейбиз» деп көрсөтүп койсо, эл ишенип калмак. Демек, бул жөн жерден чыккан жок. «Чабуул Иракта гана болбой, бизге да келди, «Гансини» катаал окуялар күтүп турат» деген маалыматты таркатып коюп, бир жагынан «Биз силерди коргоп жатабыз» дегендей, «Гансиге» жардам берип коюп, экинчи жагынан коомчулукка ««керек болсо америкалыктарды «Манас» аба майданынан дагы жок кылабыз» деп аракет көрүп жатышат, чамдагыла» дегендей чакырык таштаган маалымат согушу жүрүп жатат.

Демек, «Ганси» авиабазасында терракт жасоону көздөгөндөргө байланышкан окуя азырынча анык эмес. Анын чын-төгүнүн окуяны иликтеп жаткан атайын кызматтын тергөөсү көрсөтөөр.

XS
SM
MD
LG