Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Меккеде исламчыл эки согушкер өзүн өзү жардырып жиберишти


Батыш маалымат агенттиктеринин маалыматына караганда, Саудиянын бийликтери өз жанын өзү кыйгандарды террорчулар деп эсептейт. Полиция аларды кармоого аркеттенген эле. Апта башында эле полиция Меккеде зыяратчыларга каршы пландалган терракты алдын алып, исламчыл эки согушкерди жок кылган болчу. Бүгүн таңга маал да полиция өлкөнүн башкалаасы Эр -Рияд шаарында дагы бир исламчыл согушкерди атып өлтүрдү. Атышуу учурунда 9 полицей жаракат алган. Саудиянын бийликтери быйыл май айында жанкечтилер Эр-Риядда жасаган терракттардан кийин согушкерлерге каршы күрөштү күчөтүүдө.

XS
SM
MD
LG