Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:01

«АЗАТТЫК» ҮНАЛГЫСЫ 50 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН БЕЛГИЛЕДИ


7-ноябрда «Азаттык» үналгысынын 50 жылдык мааракесине арналган «Азаттык» үналгысы жана Кыргызстандагы сөз эркиндиги» аттуу жыйын Бишкектеги "Хайят" мейманканасында өттү. Анда жарым кылымдык тарыхы бар үналгынын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана сөз эркиндигинин көйгөйлөрү тууралуу маселелер талкууга алынды. Сөз сүйлөгөндөр «Азаттык» үналгысы калың элге окуяларды калыс, так жана ылдам жеткирген маалымат каражаты катары кадыр-баркка жеткенин белгилешти.

«Азаттыктын» мааракесине Кыргызстандагы көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, саясий партиялардын, бийликтин өкүлдөрү, депутаттар, жазуучулар, журналисттер катышты. «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын берүүлөрдү уюштуруу боюнча деректиринин орун басары Роман Трейси мырза «Эркин Европа/Азаттык» үналгысы «кансыз согуш» маалында көз жарганын жана мурдагы советтик багыттагы мамлекеттерге демократиянын желаргысын алып келүүгө чоң салым кошконун белгиледи.

Роман Трейси:
- Дал ошол «кансыз согуш» башталгандан тартып 1951-жылы «Эркин Европа» үналгысы, ал эми 1953-жылы анын «Азаттык» үналгысы негизделген. Биз уюшулгандан тартып нечендеген тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өттүк.

Ал эми «Азаттык» үналгысынын деректири Тынчтыкбек Чоротегин «Азаттык» үналгысында алгач обого чыккан Кудайберген Кожомбердиев аганын эмгегине өзгөчө токтолду:

- 1953-жылдын 18-мартында Сталиндин зулумдугу жана ал курган тоталитардык түзүлүштүн адамдардын укуктарын одоно тепсеген маңызы тууралуу публицист Автархановдун серебин алгач обого алып чыккан Азамат Алтай – Кудайберген Кожомбердиев эле.

Тынчтыкбек Чоротегин кыргыз үнүн алгачкылардан болуп дүйнөгө «Азаттык» аркылуу тааныткан Төлөмүш Жакып уулу, Маматиса Арал, Мамашарип Газы, Майра Жакып келини, Аким Өзгөн жана Аруун Барпылардын эмгектеринин баа-баркын да белгилеп өттү.

1992-жылдан тартып Мүнхенде, ал эми 1995-жылдан тартып Прагада жайгашкан «Азаттык» үналгысынын башкы редакциясында Кыргызстандан барган кызматкерлер иштей баштаганын айткан Тынчтыкбек Чоротегин алгачкылардан болуп Алатоодон Европага барган журналисттер Баян Жумакадыр кызы, Жаңыл Чытырбаева, Нарын Айыптын ысымдарын атады.

Чоротегиндин пикиринде, «Азаттыктын» бүгүнкүдөй даражага жетишине мурдагы жетекчилер Чарльз Карлсон менен Нарын Айыптын зор эмгектери бар.

«Азаттык» соңку жылдарда бийликке да, оппозицияга да жан тартпаган калыс, бейтарап маалыматтарды берип келатканы да белгиленди.

Тынчтыкбек Чоротегин:
- Биз айткан сын-пикирлер менимче, өкмөт үчүн өтө чоң жардам болду. Анткени, биз чындыкты жаап-жашырбастан, мүчүлүштүктөрдү оңдоого огожо болдук. Айрым чиновниктердин туура эмес кабылдаганына карабай ал айтылган сын-пикирлер «Азаттыктын» Кыргызстандын демократиясына ак дилден кошкон салымы болуп калды жана боло бермекчи. Оппозициянын айрым өкүлдөрү ««Азаттык» биз үчүн гана иштеш керек, анткени, өкмөттө бюджеттен каржыланган маалымат каражаттары бар эмеспи» деп келишет. Албетте, мындай кинелерди шыдыр кабыл алуу жарабас.

Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев «Азаттык» үналгысы Кыргызстанга эмгеги сиңген маалымат каражаты болуп калганын мындайча негиздеди:

- Дүйнө жүзүндө радио толкунунда кыргыз тилинде иштей баштаган «Азаттык» кыргыздын тарыхына жана Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөөгө өзүнүн зор салымын кошту десек эч жаңылбайбыз.

«Алмаз» радиосунун жетекчиси Рустам Кошмуратов болсо Кыргызстанда обого чыгуу жыштыгын алуу маселеси дале болсо мамлекеттик бийликтин кабак-кашына жараша чечиле турган иш экендигин белгиледи.

Ал эми «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Кубан Мамбеталиев 50 жылдык тарыхы бар «Азаттыктын» дагы 50 жыл иштешин каалай тургандыгын билдирди. Мамбеталиевдин пикиринде, жыл сайын эркин гезиттер жабылып, айрым журналисттер кысымга алынып келаткан шартта «Азаттыктай» чындыктан жалтанбаган маалымат каражаттары дарыдай эле керек.

Кубан Мамбеталиев:
- Курдаштарым мына азыр элүүгө чыкты. Биз төрөлгөндө эле ушул «Азаттык» көз жарыптыр, дале иштеп келатат. Анткени, бийлик менен басма сөздүн көйгөйү бар. Мен дагы 50 жыл бийлик менен алек болуп жашайбыз го деп ойлоп турам.

Академик Бүбүйна Орузбаеванын айтымында, «Азаттыктын» башка маалымат каражаттарынан артыкчылыгы кыргыздын нукура тилинде окуяларды так жана ылдам берип келаткандыгында.

Бүбүйна Орузбаева мындай пикирин айтты:
- Бүгүн эртең менен болгон окуяны кечинде абдан калыс, так бере койгон
жакшы каражат болуп жатат.
XS
SM
MD
LG