Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

ЮКОС: КРЕМЛДИН ИНТРИГАСЫБЫ ЖЕ ЭКОНОМИКАЛЫК СТРАТЕГИЯБЫ?


“ЮКОС” компаниясына байланыштуу чуулган президент Путин бийликке келгенден бери Россиядагы эң олуттуу саясий кризиске алып келди дешет айрым байкоочулар. Эмки айга белгиленген парламенттик шайлоонунун жакындап келатканын эске алсак, өлкөгө агылгалап байкоо жүргүзгөн саясатчылар менен аналитиктердин “ЮКОС” ишине болгон кызыгуусун түшүнсө болот. Айнура Жекше кызы теманы улантат.

“ЮКОСтун” иши Россия президентинин Евсросоюздун лидерлери менен ушу аптада болгон саммити учурунда да кабарчыларды кызыктырган эң негизги суроолордон болду. Француз журналистинин соболуна кыжырдануу менен жооп берип жатып, Путин миллиарддаган каражаты бар адам, ошол акчасын сактап калыш үчүн, албетте, бир нече миллион долларын аябайт деди.

Михаил Ходорковский келээрки айдын башында өтө турчу парламенттик шайлоонун алдында оппозициялык партияларды ачыктан ачык колдой баштаган эле. Россиялык таанымал саясий аналитик Андрей Пионтковскийдин айтымында, “Путин бул жерде кандайдыр бир жашыруун пландарды байкады. Ал Ходорковский парламенттин үстүнөн көзөмөлдү сатып алып, премьер-министр болууну көздөп жатат деп ишенет. Мындай кутум Россия үчүн абдан кооптуу”.

Путин эмки жылдын май айында мамлекет башчылыкка кайрадан шайланат деп күтүлүүдө. Ошол эле мезгилде өкмөтчүл партияларга депутаттык орундардын басымдуу бөлүгү үчүн ат салышта бир топ күрөшүүгө туура келе турчудай.
Өз кезинде 300 миллион долларга сатып алынган мунай компаниясынын капиталы Ходорковский камакка алынган күнгө карата 32 миллиард долларга жеткен. “ЮКОС” эң бай ишкана катары гана эмес өзүнүн чет мамлекеттик менежерлери, Батыш стандарттарына ылайык корпоративдик башкаруусу, орус мунай тармагына кызыкдар болгон АКШлык саясатчыларга жакындыгы менен да белгилүү.

Башында сөз кылынган саммит маалында Евросоюздун азыркы төрагасы Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони Путинди колдоого аракет жасады. Анын ырастоосунда, “ЮКОСтун” айрым акционерлеринин камакка алынышы “көз карандысыз прокуратура органдары тарабынан Россияда тартипти орнотуу” максаты менен ишке ашырылган.

Бирок Евросоюз Берлусконинин мындай аракетин четке кагып, Россияда жеке менчикке кооп туудурулуп жатат деген тынчсыздануусун билдирди. Ага чейин АКШ администрациясы тарабынан да “ЮКОСтун” иши Россия мыйзамдын үстөмдүгү принцибин бузуп жатат деген мазмундагы сөздөр айтылган.

Прокуратуранын чечими менен компаниянын акцияларынын 42 пайызытоңдурулуп койгонун эсиңиздерге сала кетели. Ошол 42 пайыздын акционерлери арасында, Ходорковскийден тышкары, азыр камакта отурган дагы эки жетекчи жана Мамдуманын депутаты ушу тапта Израилдин атуулдугун алган Невзелин жана чет өлкөдө жүргөн дагы бирөө бар.

Ошол эле мезгилде аналитиктердин башка бир даары “ЮКОСтун” иши Кремлдин олиграхтарга каршы багытталган саясаты эмес, жөн гана экономикалык стратегиядан келип чыккан дешүүдө. Алар Россиянын жетекчилиги энергетика тармагында көз карандысыздыкты орнотууну көздөйт, өлкөнүн эң ири мунай ишканасы болсо салык төлөбөй, мунай куурларын толугу менен өз көзөмөлү алдына алган дешет. Анын үстүнө компания АКШга өтө жакындап кеткен.

Париждеги социалдык илимдер институтунун профессору Жак Сапирдин айтуусунда, “Путин жакынкы 10 жыл ичинде ички дүң продукцияны эки эсеге көбөйтүүнү максат кылып койгон. Анын пикиринде, мындай максатка мамлекет мунай, газ, түстүү металл жана минералдар өңдүү чийки заттардан киреше ала баштаганда гана жетсе болот.”

Өлкөнүн дүйнөлүк экономикадагы стратегиялык позициясы үчүн мунайдын ролу өтө маанилүү. Өзгөчө ушу тапта, Жакынкы Чыгыштагы башаламандыктан улам, Россиянын Азия, Европа жана Түндүк Америкага болгон мунай экспорту потенциалдуу түрдө өсө тургандай.

Айтор, Кремлдин интригасыбы же экономикалык стратегиябы, эмнеси болсо да “ЮКОСтун” чуулганы дагы көпкө созулчудай.

XS
SM
MD
LG