Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

Сауд Аравиясында бир канча киши кармалды


Алардын баары жакындагы террордук акцияга тиешеси бар дешет. Падыша Фахд өкмөттүн жыйынында сөз сүйлөп, өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугуна бүлүк салууну көздөгөндөргө “темирдей муштум” менен сокку урулат деп эскертти. Жакындагы террордук акцияда Эр-Риядда он жети адам набыт болду. Өлкөнүн борборунда өтө катаң чаралар көрүлдү. Чет элдиктер жашаган маалаларды аскер бөлүктөрү күзөтүп жатышат. Бийликтер террористтер жаңы аракеттерди жасашы мүмкүн деп кооптонушууда.

XS
SM
MD
LG