Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Орусия жана Индия стратегиялык өнөктөш экенин кайрадан ырасташты


Эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү жөнүндө Орусиянын президенти В.Путин менен Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпаинин Москвадагы бүгүнкү сүйлөшүүлөрүндө жана анын соңунан кабыл алынган билдирүүдө айтылган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин орус президенти В.Путин белгилегендей, эки өлкөнүн алакасы баардык чөйрөдө жакшы өнүгүүдө:
- Биздин мамиле саясий чөйрөдө, эл аралык аренада эле эмес, аскерий-техникалык тармакта , жалпы эле экономикада жакшы өнүгүүдө. Буга биз кубанычтабыз.
Индия - Орусиянын аскердик техникасын эң көп алган өлкө. Путин менен Важпаинин жолугушуусунда Индиянын Сахалиндеги мунай жана газ кендерин өздөштүрүүгө, Орусиянын Индияга атомдук электростанция курууда жардам берүүсүнө байланышкан долбоорлор да талкууланды.

XS
SM
MD
LG