Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

ИТАЛИЯНЫН “11-СЕНТЯБРЫ”


Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони Эн-Насирияда жыйырмага чукул полицмендин набыт болгондугуна карабастан карабинчилер Иракта калат деп билдирди. Аталган окуяны президент Карло Чампи, Рим чиркөөсүнүн башчысы Иоанн Павел II айыпташты. АКШнын президенти Жорж Буш Эн-Насириядагы террордон набыт болгондордун жакын-жамаатына көңүл айтты. Эксперттер болсо бул ишти августтан берки эң ири кызыл-кыйма акция деп аташты.

Эн-Насирия британдык оккупациялык зонага кирет.Бул жерге италиялыктардын 2,5 миң кишиден турган полициялык корпусу жайгаштырылган. Жанкечти террорчулар дүрмөткө шыкалган автомашинаны корпустун штабы жайгашкан имараттын короосуна айдап кирип жардырып жиберишти.Набыт кеткендердин саны соңку маалыматтарда 26 адам деп айтылат,бирок иш жүзүндө андан да көп болушу ыктымал.Опот болгондордун көбү – 18ден ашууну италиялыктар,жергиликтүү тургундардан дагы сегиз киши бар.

Бейшемби күнү Италияда бардык гезиттер азалуу апаздар менен чыгышты.Мамлекеттик мекемелер жайгашкан имараттарда,мектептерде жана шаардык аянттарда улуттук желектер түшүрүлдү.Католик чиркөөлөрүндө атайын таат-ибаадаттар өткөрүлдү.Эн-Насириядагы террорду өкмөттүн вице-премьери Жанфранко Фини “Италиянын 11-сентябры” деп атады.Оппозициянын айрым лидерлери токтоосуз түрдө карабинерлорду Ирактан чыгарууну талап кылышты.Солдаттарды Ирактагы өрткө таштап, Берлусконинин өкмөтү болгону Кошмо Штаттарына жагынгысы келди, деп айтты солчул демократтар партиясынын жетекчиси Пьетро Фолено.

Премьер Сильвио Берлускони Эн-Насириядагы кызыл-кыйма террор италиялыктарды коркута албай тургандыгына ишендирди.Талаш-тартыштын баарын жыйыштырып, көңкү италиялыктардын баары биздин демократиянын асылнарктарын коргоо милдетин өзүнө алгандарга текши тилектештик билдире турган күн келди, деп айтты ал парламенттеги сөзүндө. Өлкөнүн коргоо министри Антонио Мартино табылган таныктарга жана чалгындоо маалыматтарына таянып,Эн-Насириядагы ишти Саддамдын федаиндери уюштурганын айтып, жоопкерчиликти ошолорго жүктөдү.Министр иштин чоо-жайын териштиргени Иракка келди.

Эн-Насириядагы террордон көп аялдабай Япониянын өкмөтү өз аскер контингентин азырынча Иракка жөнөтпөй турууну чечти. Министрлер кабинетинин башкы катчысы Ясуо Фукуда япон аскерлерин Иракка жиберүү үчүн зарыл шарт түзүлүшү керек, азырынча мындай шарт жок, деп билдирди. Ал эми Эн-Насирияга жайгашканы келаткан португалиялык аскер бөлүгүн ошол эле күнү орто жолдон Басрага кайтарышты.

XS
SM
MD
LG