Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

БИШКЕКТЕГИ СУУК, КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК САЛЫГЫ, КАЙБЕРЕН ЭСЕБИ


Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнө жылуулук бериле элек. Жаңыдан киргизилчү кыймылсыз мүлк салыгы өкмөт менен парламенттин ортосунда талаш жаратууда. Кыймылсыз мүлктү баалоонун чен-өлчөмүн аныктаган жобону парламент эки ирет өткөрбөй койду. Кыргызстандын тоолорунда канча кайберен калганын эми чет элдик илимпоздор аныктамак болду. Карышкыр менен тоо-ташты жойлогон аңчылардан аман калган аркар-кулжаларды сактоо программасы иштелип чыгат. Кыргыз гезиттеринде чагылдырылган урунттуу материалдардын негизги тематикасы ушундай.

Дүйнөлүк Банктын вице-президентинин Кыргызстандагы иш сапары натыйжалуу өткөнүн бейшембидеги «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек» гезиттери маалымдашты. Өткөн жылдын бюджети кандай аткарылганын өлкөнүн Эсеп палатасы текшерип чыккан. Анын жыйынтыгы «Слово Кыргызстана» гезитиндеги Анара Солтоеванын макаласында маалымдалат. ««Бюджет 100% аткарылды» деп айтылганы менен, казынага белгиленген 700 миллионго жакын сом түшпөй калды, - деп маалымдайт макала автору. - Өнөр жай өндүрүшү жыл сайын төмөндөп баратат. Киреше салыгын 20% төмөндөтүү күткөн натыйжаны берген жок. Мамлекеттин карамагындагы ири ишканаларды жеке колго сатуудан деле республика марып кеткен жок». Автордун пикиринде, мамлекеттин акцияларынын контролдук пакетин сатып алган жаңы кожоюндар дивиденд төлөөгө шашкан жери жок. Анын айынан өкмөт 585 млн. сомдон ашуун киреше алалбай отурат. Кыргызстандын тышкы карызы 1,5 млрд. доллардан ашат. 2002-жылы төлөнчү 58 млн. доллардын ордуна республика 12 миллионго жакын доллар тышкы карызын төлөдү. «Бюджеттин аткарылышы көрсөткөндөй, өкмөт өлкөнү чукул кырдаалдар шартында башкарып келатат», деп жазат автор.

Тяншан тоолорундагы аркар-кулжалардын санын тактап, иликтөө жүргүзүү амалында АКШдан илимпоздор келишкенин бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин уруксаты менен быйыл кайберендерди атууга 40ка жакын чет элдик аңчыларга уруксат берилген. Алар бюджетке арбын акча төгүшкөн. Америкалык изилдөөчү Ли Ховарддын айтуусунда, Аксай өрөөнүндө 15 миңге жакын аркар-кулжа бар. Тоо-ташты жойлогон аңчылар менен карышкырлардын көбөйүп кетиши кайберендердин санын кескин азайтууда.

«Ичикий, Бишкек суук! Отун-суунун кайгайы эми башталды», деп жазат бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезити. «11 млн. доллар карызын бетке кармап, Өзбекстан газ түтүгүн жаап коюшу ыктымал. Президент Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын Кытайдан таап далилдеп келди эле, эми Индиядан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн индиялык булагын таап келбесе эле болду» деп жазышат Б.Марипов менен Ж.Байгуттиев. «Кыймылсыз мүлк салыгын киргизээрден мурун анын баасын аныктап алуу зарыл го. Мамлекеттик регистр кыймылсыз мүлктүн баасын аныктоочу жобо иштеп чыккан. Мамрегистрдин жетекчиси «мүлктүн баасы расмий бир чен-өлчөм менен аныкталыш керек» деп эсептейт. Парламентчилердин айтымында, документти шашпай окуп, талдаган соң кабыл алган оң. Анын үстүнө бюджеттик жана муниципиалдык мекемелер кыймылсыз мүлк салыгын төлөшпөйт. Алардын катарына эмнеликтен аэропорттун кошулуп калганы түшүнүксүз» дейт депутат М.Султанов.

Жума күнкү «Агым» гезитинде кандай материалдар жарыяланаарын басылманын башкы редакторунун орун басары Аскер Сакыбаева мындайча кабарлады:

- «Агымдын» жаңы жарык көрчү санында Жолдошбек Зарлыкбековдун электр энергиясы, газ акысын төлөбөгөндөр тууралуу макаласы, ошондой эле Чолпонкул Арабаевдин жаңы түзүлүп жаткан Юридикалык академия жөнүндө маеги, Жаныбек Жанызактын китептер, мечит, бизнес жайындагы макаласы жарык көрүүдө.

«Аалам» гезитинин башкы редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаевдин айтымында, басылманын жаңы санында төмөнкүдөй материалдар жарык көрмөкчү:

- «Аалам» гезитинин жаңы санында укук коргоочу Азиза Абдрасулованын «ОБСЕнин оптуу отуруму» деген аталыштагы маеги жарык көрүүдө. Кочкордон акыйкаттык издеп Бишкекке келген Бейшенкулова эже менен болгон маек «Өзүмдү өзүм өрттөйм!» деген аталышта басууга даярдалууда. Анан да өзгөчө маанилүү окуя – үч күн бою тил, теңирчилик маселесине арналган эл аралык конференция өттү. «Адамзаттын ак жолу» деген аталышта ошол жыйын тууралуу материал гезитибиздин эки бетинде жарыяланмакчы.
XS
SM
MD
LG