Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Эл аралык валюта кору Кыргызстандан бюджеттин таңсыктыгын азайтуусун талап кылды


Бишкек. Эл аралык валюта кору Кыргызстандан электр энергияга болгон карыздан улам өсүп кеткен
бюджеттик таңсыктыкты азайтуусун талап кылды. Кордун башкаруучу директору Хорст Көлер бүгүнкү билдирүүсүндө Кыргызстандын бюджет таңсыктыгын кыскартуудан башка чарасы жок экенин белгилейт. Көлердин маалыматына караганда, жумурияттын бюджеттик таңсыктыгы улуттук дүң өндүрүштүн беш процентинин айланасында.
Бүгүн Новоогареводо жасаган билдирүүсүндө Хорст Көлер Россиянын экономикалык өнүгүү темптерине оң баа берди. Москванын жанындагы Новоогереводо Россиянын президенти Владимир Путин менен Хорст Көлердин сүйлөшүүсү өттү. Россия Эл Аралык Валюта Корунан насыя албай калган, бирок кор менен байланыштарын сактап калууда.

XS
SM
MD
LG