Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Грузин оппозициясынын лидери президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылды


ТБИЛИСИ. Грузин оппозициясынын лидери президент Эдуард Шеварднадзенин кызматтан кетүүсүн талап кылды. Михаил Саакашвили бул талабын Тбилисиде миңдеген тарапкерлери катышкан митингде билдирди. "Улуттук Кыймыл" жана "Бурджанадзе демократтары" атуу оппозициялык блоктордун тарапкерлери нааразылык акциясын 8-ноябрда, парламенттик шайлоонун жыйынтыктары саналып бүтүп калганда башташкан. Шайлоодо жеңип чыкканын билдирген оппозиция, анын жыйынтыктарын кайра карап чыгууну жана президент Шеварднадзенин кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Өкмөт менен оппозиция өкүлдөрүнүн өткөн түнү жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнөн натыйжа чыккан жок.

XS
SM
MD
LG